“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Маек: Учкундагы саясий абал жана шайлоого даярдыктар

15 Декабрь 2020 жыл 15:45
Көрүүлөрдүн саны: 92

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы саясий абал туруктуу жана шайлоого даярдык кызуу жүрүүдө. Себеби, абалга айыл тургундарынын ынтымагы жана айыл башчынынын эмгегинин таасири чоң. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Бердибек Макенилиев жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова маек учурунда билдирди.

Учкун жамааттык мультимедиа борбору айылдык кеңештин депутаты Бердибек Макенилиев жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова менен маек курду.

Алып баруучу конокторго суроо бергени жатат.

Маектин жүрүшүнөн кыскача интервью, толугу менен видеодон көрүүгө болот.

«Учкунмедиа»: Толкундоодо айылыбыздагы абалды кантип жөнгө салдыңыздар?

Бердибек Макеналиев: Мурдагы абалга салыштырмалуу элдин аң сезиминин өзгөргөндүгү көрүндү. Талап-тоноо, бири бирин аёосуз сабоо же ушуга окшогон нерселер болгондугу жокко эсе болду. Ал эми айыл жаштары да четте карап турбай, борборубузга барышты. Ал жерде тартипти сактоого өз салымдарын кошту.

«Учкунмедиа»: Өлкөдө кырдаал курчуганда айылдагы абалды кимдер жөнгө салат?

Майрамкүл Мүдүнова: Айылыбызга кандай кырдаал болбосун айыл башчы тарабынан иш алуп барылат. Ал элди ынтымакка чакырып келет жана ошондой эле Учкун жаштар уюму менен биргеликте абалды жөнгө салуу боюнча иш алып барылууда. Негизи элдин ынтымактуулугун да белгишибиз керек. Айылдагы болуп жаткан иш аракеттерге жергиликтүү тургундардын жана комиссия мүчөлөрүнүн активдүү, тартип менен иштеп жаткандыгын да айта кетпесек болбойт

Бердибек Макеналиев: Мисал келтирсем, быйылкы жылы жайыттарга кеткен колдоодо, көпүрөлөрүбүздүн оңдолушуна, жолдордун иштен чыккан жерлерди оңдоосуна айыл башчынын жана активдүү жаштардын эл менен биргеликте өз салымдарын кошуп, жардам берип турушту. Саясий абал да ошондой жол менен чучилет.

«Учкунмедиа»: Президенттик шайлоого жана референдум өткөрүүгө элдин маанайы кандай?

Майрамкүл Мүдүнова: Келе жаткан шайлоодогу элдин маанайы жакшы жана шайлоого катышуучулардын тизмеси такталып, даярдыктар күч. Комиссиянын мүчөлөрү 13 адам 2017- жылдан бери иш алып барып келе жатат. Өз ишин ар бири жакшы билет жана билимдүү жаштардан куралган. Шайлоо комиссиясынын курамы негизинен 2 жылда алмашып туруусу керек болчу, бирок, ал ыкма менен колдонууга тажыйырбалардан улам ишке ашпай, азыркы убакка чейин комиссия мүчөлөрү өзгөрүлө элек. Себеби, учурда комиссия мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоого 70күн калганда шайлоочулардын тизмелери илинет, азыркы тизмебизде 1966 шайлоочу бар.

«Учкунмедиа»: Мыйзамдын өзгөрүүсүнө сиздердин көз карашыңыз кандай?

Бердибек Макеналиев: Көбүнчө айыл жергесинде маалыматтын аздыгынан улам, анча көңүл бурулбаса керек, менимче ар бир жаран талдап, анализдеп чыкканы дурус го деп ойлойм.

 

Бурулча Сынжыбекова
Гүлзар Казиева