“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун маданият үйү отургучтар менен камсыздалды

17 Декабрь 2020 жыл 22:27
Көрүүлөрдүн саны: 198

Нарын районуна караштуу Учкун айылдык маданият үйүнө 100 орундуу жаңы отургучтар алынып келинди. Отургучтарды алууга жана оңдоп-түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнгөн. Мындай шарттардын түзүлүп жатканына айыл жашоочулары да ыраазы.

Учкун айылында Чоро Кожомжаровдун наамындагы жалгыз маданият үйү бар. Буга чейин айылдык клубдун абалы начарлап, отургучтары да жараксыз абалга келген. Быйыл жергиликтүү депутаттар бюджеттен акча бөлүп, 180 миң сомго оругучтар алынды.

«Маданият үйүнө 100 орурндуу ортургучтарды алдык. Буга депутаттар жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча бөлүп берген. Тендер жарыялап, 182 миң сомдун оокатын алдык. Бүгүнкү күнү толук оңдоо иштерин жүргүздүк», — дейт айыл башчы Жумакадыр Исмаилов.

Айылдагы бардык иш чаралар дал ушул жайда өткөрүлүп келет. Бирок акыркы учурларда, маданият үйүндөгү абал начарлап, иш чаралар да сейрек өткөрүлө баштаган. Бул боюнча айылдык клуб жана айыл башчы жергиликтүү депутаттрга кайрылуу жасаган.

«Биздин айылдык клубдун отургучтары эскирип, ичи жакшы каралбай келген. Ошого быйыл жайында сырдап, оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк эле. Айылдык депутаттарга да кайрылганбыз. Азыр ушинтип столдор келип жакшы болду. Бул дагы айылдын маданий жашоосу үчүн чоң салым», — деп билдирди маданият үйүнүн кызматкери Мээрим Кожомкулова.

Айылдык тургундардын айтымында маданият үйүнө болгон колдоо аларды да кубанычка бөлөгөн. Себеби, айрым иш чараларды өткөрүүдө көрүүчүлөргө орундар жетишсиз болуп, туруп көргөндөр да көп болчу. Эми андай көйгөй болбой турганын билдиришти.

«Мен дайыма майрамдык иш чараларга катышып, ырдап жүрөм. Сахнадан караганда көп адамдар тикеси менен тик туруп концерт көргөн учурлар да болоор эле. Кээде улуу муундагы адамдар келе албайт болчу. Азыр жакшы болуп калды. Эми карантин бүтсө эле, кайрадан иш чараларды уюштуруп турабыз. Эл да көп катышканы келет деп ойлоп жатам», — дейт айыл тугуну Васира Кулумбаева.

Белгилей кетсек, айылдык маданият үйү туңгуч кыргыз эстрада ансамблин уюштуруучу, көркөм жетекчиси болгон Кыргыз Ресбуликаснын эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомаровдун наамын алып жүрөт. Ал да ушул айылда туулуп-өскөн.

Учкун айылындагы «Манас» эпосунун күнү
Найзабек Мукамбетов
Мээрим Кожомкулова