“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундук «Зор баян» тобу Республикалык Манас таануудан баш байге алды

25 Декабрь 2020 жыл 19:58
Көрүүлөрдүн саны: 161

Нарын районуна караштуу Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин «Зор баян» тобу КТРКнын Манас таануу сынагынан баш байгеге ээ болду. Команданы кыргыз тил, адабияты сабагынын мугалими Гүлмира Жумагулова даярдаган. Бул сынакка өлкө боюнча жалпы 33 тайпа катышып, биринчи жолу онлайн форматта өткөрүлдү.

«Манас таануу» сынагы Коомдук Телерадио Корпарациясы тарабынан уюштурулуп келет. Сынак жыл сайын баскыч менен уюштурулат. Быйылкы жылы болсо, башка жылдардан айырмаланып онлайн түрдө өткөрүлдү.

Эшбай Токсобаев орто мектебинин жамааты «Зор Баян» тобун куттуктап жатат.

Сынакта Нарын районунан «Зор Баян» тайпасы баш байгеге ээ болсо, Өзгөн районунун «Айкөл» тайпасы биринчи орунду, Кара-Кулжа районунун «Ант» тобу экинчи орунду багындырган. Үчүнчү орунга Токтогул районунун «Көйкашка» жана Жумгал районунун «Каныкей» топтору ээ болду.

Сынактын суроолоруна жооп бериүү үчүн кеңешип жатат.

Манас таануу сынагына Учкун айылынын мугалими Гүлмира Жумагулова ар жылы катышат. Бул жылы 3 баладан турган «Зор баян» деген топ түзүп катышты. Мугалим эженин айтымында, карантин учуруна карабай, жоопкерчиликтүүлүк менен сынакка даярданышкан.

«Балдар жакшы жооп беришти. Бардык китептерди эки-үч сыйра окуп чыкканбыз. Даярдануу үчүн дагы убакыт кенен болду. Быйлкы жылы сынак онлайн болду, бир чети ал деле жакшы экен. Эки-жакка барып убара болгон жокпуз. Ал эми терс жагы, салттуу түрдө өткөрүлгөндө бир дем болоор эле. Бул жолкусунда отуруп жооп берип, бир-эки эле команданы көрдүк. Негизинен айтканды жандуу эле болгону жакшы экен», — деп билдирди Гүлмира Жумагулова.

Манас таанууга катышуу үчүн меткеп администрациясы окуучуларга шарттарды түзүп берген.

Сынак Гуугл Миит платформасы аркылуу өткөрүлгөн. Техникалык жактан кемчиликтер болгон эмес. Бирок онлайн болгон учурда, электр жарыгы өчүп калып, катыша албай калуу коркунучу күчтүү болгон. Мындан тышкары командаларга мугалими жообун айтып койгон учурда, оюндан четтетилет деп эскертүү берилген.

Бул сынактын эң негизги максаты, «Манас» эпосун окуучулар арасында жайылтуу жана аларга эпостогу баалуулуктар менен тарбия берүү болуп эсептелет.

«Зор Баян» тайпасы, мугалими Гүлмира Жумагулова жана окуучулардын апасы менен сүрөткө түшүп жатат.

«Манас» эпосун окуп жатканда өзүмдө бир топ эле өгөрүү болду. Балдарга болсо, ОРТдагы окуу түшүнүү деген бөлүмүнө даяр болуп калышат экен. Себеби. кара сөзгө караганда ыр түрүндөгү текстти түшүнүү оор болот эмеспи. Негизинен Манас эпосу логикага байланган десем болот, таалим тарбия жагынан да таасири чоң болот. Дүйнөгө болгон көз карашы өзгөрөт», — деп Гүлмира Жумагулова «Манас таануу» сынагынын окуучуларга тийгизген таасирин түшүндүрүп берди.

Ал эми «Зор баян» тобунун мүчөсү Марлис Эркинбек уулу 9-класстын окуучусу. Ал Манас эпосуна 6-класстан баштап кызыга баштаган. Кийин, мектеп аралык Манас таанууга катышып, топко мүчө болгон.

«Мен бул сынкка катышып калганыма сыймыктанам. Эң негизгиси биз сыйлык үчүн эмес, билим үчүн катыштык. Себеби, өзүбүзгө бир топ тажрыйба топтодук, сынакка даярданып жатып кызыктуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк », — дейт тайпанын мүчөсү Марлис Эркинбек уулу.

«Зор Баян» тобу саламдашуу айтып жаткан учуру.

Эшбай Токсобаев атындагы орто метебинин директору Назира Касымбекованын айтымында, «Манас таанууга» катышкан мугалимдер жана окуучулар меткептин гана эмес, облусттун атын республикага таанытып жатат.

«Биздин мектептин мугалимдери өтө күчтүү. Алардын ичинде Гүлмира эже да бар. Биз дагы бул сынакка катышуу үчүн Манас таануу кобинетин ачып, окуучулардын даярдануусуна толук шарттарды түздүк. Бул биздин сыйлык — райондун, облустун сыймыгы. Эч бир тоскоолдуксуз окуучуларыбыз өз билимдерин далилдеп беришти», — дейт Назира Касымбекова.

Мектеп директору Назира Касымбекова маалымат берип жатат.

Гүлмира Жумагуованын түзгөн тайпалардын аталыштары бири бирине окшоп кетет. Бул күнгө чейин ал «Улуу Баян», «Гүл Баян», «Нур Баян», «Шер Баян», «Зор Баян» деген тайпалар менен сынакка катышкан.

2017-жылы Учкун айылынын «Нур Баян» деген тайпа даярдап Республикалык денгээлде баш байгеге ээ болсо, башка командалары жыл сайын биринчи жана экинчи орундарды багындырган.

Гүлзар Казиева

Найзабек Мукамбетов