Нарын райнуна караштуу Учкун айылында тургундар эс алып, муз тебүүсү үчүн муз аянтчасы ачылды. Аянтчаны айылдын тургуну Мирбек Карабалаев ачкан. Муз аянчаны ачуу үчүн көп деле каражат кетпегени менен, чоң эмгекти талап кылат. Учурда муз тепкени күнүнө 20дай адам келип-кетет.
Айылда жыл сайын муз аянтчалары ачылып келет. Бирок бул жылы аба-ырайына байланыштуу аянтча кеч ачылды. Мирлан Карабалаев ачкан аятча быйылкы жылдын эсебинин ачылган алгачкы муз аянтчасы.
«Үйүбүздүн огороду кенен болгондуктан муз аянтчасын жасадык. Көп эмгекти талап кылган жумуш. Күн сайын музду шыпырып, тоңдуруп, тазалайбыз. Бул жакка көз салып туруу үчүн бир баланы дайындап койгом. Ал да иш менен камсыз болду. Мага күнүнө 15-20дай адамдын акчасын алып келип берет», — деп түшүндүрдү муз аянтчасынын ээси Мирбек Карабалаев.
Муз аянтчасына ар бир адамга 1 саатка 50 сомдон акы алынат. Бирок келген кардарлардын каалоосуна жараша 30 мүнөткө 25 сомго да алса болот. Муз аянтчасынын ээсинин айтымында, бул баа айыл жергеси үчүн туура эле.
«Конькини базардан дүңү менен сатып келебиз. Конькинин баасы сапатына жараша 1500дөн 2000ге чейин болот. Негизи айыл жергесинде кошумча киреше жок болгону үчүн аларды карызга алып келебиз. Натыйжада бир мезгилде муз аянтчасы өзүн актайт», —деп белгиледи Мирбек Карабалаев.
Муз аянтчасынын ачылганына айылдын орто жана коң курактагы жашоочулары көп деле маани бербегенин белгилейт аянтчанын ээси. Бирок мектеп окуучуларынын айтымында, алар үчүн кыш айларын өткөрүүгө жакшы шарт түзүлдү.
«Мен бул жакка күн сайын болбосо да күн алыс келип турам. Мага абдан жакты. Буга чейин да коньки тепкенди үйрөнүп калгам. Азыр болсо, муз тебүүнү дагы жакшылап үйрөнүп баштадым. Аянтчанын ачылганы биздин кышкы спортко болгон кызыгуубузду арттырат», — дейт мектеп окуучусу Рахман Сталов.
Бирок, муз аянтчасы айыл жергесинде колго жасалган үчүн сапаты шаардыкына салыштырмалуу начар. Мектеп окуучусунун айтымында, муздун айрым жерлери жакшы тоңбой калса, айрым жерлери түз эмес.
Мындан тышкары, муз аянтчасын курууда келген кардарлардын коопсуздугу эске алынган эмес. Эгер кокустук болуп же жаракат алган кардарлар үчүн атайын жардам көрсөтүлчү жай жок.
«Кокустук болуп кетпесе экен деп тиленип турабыз. Буга чейин андай кырсыктар деле катталган эмес. Бирок келген конокторго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берип турабыз», — деп түшүндүрдү Мирбек Карабалаев.
Айыл тургунунун айтымында, кыш мегзилинде муз аянтчасы болгон жердин айланасын жайында ролик тебүү жайы кылуу ойлору бар экенин белгиледи.
Учкундук «Зор баян» тобу Республикалык Манас таануудан баш байге алды
Казиева Гүлзар, Бурулай Эрмек кызы, Гүлсүн Тынчтыкбек кызы