“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Шайлоого айыл тургундарынын 45% гана катышты

10 Январь 2021 жыл 23:52
Көрүүлөрдүн саны: 95

Нарын районундагы Учкун айылында 1720дай шайлоочу тизмеде катталган. Бирок, алардын 45 пайызга жакыны (766 адам) гана шайлоого катышты. Ал эми тизмеге кирген 955 адам шайлоого келген эмес. Айыл боюнча шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталган жок жана тынч абалда өттү.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарындай эле, Учкун айылында да шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жүрүшү тынч болуп, мыйзам бузуулары болгон жок. Бул тууралуу Учкун айылына көз карандысыз байкоочу болгон Айдай Темирбекова билдирди.

Учкун айылынын шайлоочулары өз тандоосун жасап жаткан учуру.

«Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууларды деле байкаган жокпуз. Бардык санитардык талаптар сакталды десек болот. Мындан тышкары шайлоо комиссиясы керектүү куралдар менен камсыз болгон. Ал эми элдин катышуусу орточо десек болот», — дейт «Коомар» коомдук фондунан байкоочу болуп келген Айдай Темирбекова.

Айылдык 4052 шайлоо участкасы Нарын районуна караштуу. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоого ноябрь айынан баштап эле даярдана баштаган. Комиссянын төрайымынын айтымында, комиссия мүчөлөрү окутуулардан өткөрүлүп, айыл тургундарына шайлоо тууралуу маалымат билдирилген.

«Шайлоого комиссия мүчөлөрү кадимкидей даярданабыз. Күн сайын кезек менен участкада болдук. Элдер өзүн текшерүүсү үчүн тизмелер учурунда илинген жана аларга эскертүүлөр, маалыматтар да берилип турду», — дейт 4052 шайлоо участкасынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова.

4052 шайлоо участкасынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова иш үстүндө.

Президентти шайлоо жана референдум өткөрүүдө жашоочулар өз ыктыяры менен келгенин билдиришти. Бирок, жыйынтыкка карай турган болсок, 55%дан көбү шайлоого келген эмес.

Шайлоо Комиссиясы айыл жашоочуларынын келишине даяр турушат.

Айыл жаштарынан түзүлгөн топ, шайлоодогу аралыкты сактоого жана тартипти көзөмөлдөөгө жардам беришти.

«Шайлоого келе албай аткан аталар апалар болсо машина менен алып барып келүү шарттарын да түздүк. Бул эч кандай белгилүү бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн жасалган жок. Жарандык милдетин аткаргысы келген бирок, шартына байланыштуу келе албагандар үчүн жаштардан жардам болду», — деп билдирди Учкун Жаштарынын мүчөсү Рысбек Үсөнов.

Шайлоонун жыйынтыгында шайлоочурадын 93 пайызы Садыр Жапаров үчүн добуш берген. Калгандагы Мыктыбек Арстанбек, Адахан Мадумаров жана башка талапкерлерге добуш берсе, 5 шайлоочу бардыгына каршы болгон.

Учкун айылындагы Президенттик шайлоонун жыйынтыгы.

Ал эми өлкөнүн президенттик башкаруусун 85%дан көп шайлоочу колдосо, парламенттик үчүн 6%дан ашыгы добуш берген. 24 жаран бардык башкаруу системасына каршы деген пикирин билдирген.

Айыл тургундарынын өлкөнүн башкаруу формасына берген добушу.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоодо 3 563 574 шайлоочунун 1 394 246 добуш беришти. Бул шайлоочулардын 39 пайызын түзөт.

Найзабек Мукамбетов

Сүрөт: Гүлзар Казиева