“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Айыл тургуну лотереядан унаа утуп алды

29 Январь 2021 жыл 17:21
Көрүүлөрдүн саны: 230

Нарын районундагы Учкун айылында айылдык активист жарандардын демилгеси менен лотерея ойнотулду. Лотереяга катышууга билеттин баасы 2500 сомду түзүп, жалпы 150 адам катышты.

Айылга ойнотулган лотереяда ар бир катышуучуга белектер болгон. Баш байге катары авто унаа ойнотулса, муздаткыч, телевизор, кир жуучу машина баштаган, үй буюмдары белек катары коюлган.

Лотереянын жеңүүчүлөрү аныкталып жаткан учур

Лотереяны айылдык активист Урмат Жолдошбек уулу менен Урмат Саматов уюштурушту. Алардын айтымында, лотерея ойнотуунун максаты жаңы жылга карата айыл тургундарына жаңы белектерди берүү болгон.

Оюндун катышуучулары лотереянын башталышын күтүп жаткан учуру.

«Лотереяда ар бир катышкан адамга белек бар. Белектерден авто унаадан башталып, чаң соргучка чейин бар. Айылдаштарыбыз жаңы жылда жаңы белектер менен жаңы жашоо баштасын деген ниетте өткөрүп жатабыз», — дейт лотереянын уюштуруучусу Урмат Жолдошбек уулу.

Лотереянын уюштуруучусу Урмат Жолдошбек уулу оюндун өткөрүлгөн максатын түшүндүрүп жатат.

Айылдык катышуучулардын айтымында, лотерея ойнотуу адилеттүү эле болду.. Жеңүүчүлөр билеттин номери жазылган шарчаны айланма-кутунун ичинен кокустук менен алып чыгуу жолу аркылуу тандалган.

«Мен билетти оюнга бир күн калганда алгам. Негизи ага чейин лотерея тууралуу маалыматты эч кимден деле уккан эмесмин. Билетти алып жатканда утам деген деле ой жок болчу. Буга чейин мындай оюндарга катышып көрбөптүрмүн», — дейт авто унаанын жеңүүчүсү Өмүр Имакеев.

Баш байгеге коюлган авто унааны тапшыруу аземи.

Жеңүүчүнүн айтымында, ал өткөрүлгөн оюнга калыс катары чакырылган. Авто унаа ойнотулуп жатканды жеңүүчү болуп тандалуусу ал үчүн күтүүсүз болгон.

Лотерея айылдык маданият үйүндө өткөрүлгөн. Катышуучулардын айтымында маданият үйү суук болгон үчүн бир аз тоскоолдуктар жаралды.

Катышуучулар оюндун жүрүшүн кызыгуу менен карап жатат.

«Мен оюнга катышып, фен утуп алдым. Оюн кызыктуу болду, карантинде уйдө жатып тажаган элге бир топ жакшы болду деп ойлойм. Оюндун аягында катышуучуларга тамак-аш таратылды. Бирок, айылдык клуб суук болгон үчүн бир аз көрүүчүлөргө тоскоолдук жаратты», — дейт оюндун катышуучусу Кубаныч Ибраимов.

Бирок, айрым катышуучулардын айтымында, оюнду уюштурууда санитардык нормалар толук сакталган эмес.

Учкун айылында жаш журналисттер үчүн тренинг өткөрүлдү 

Мээрим Кожомкулова, Наргиза Жолдошбек кызы, Зарина Ырыспек кызы