Нарын районунун Учкун айылында бүгүн 29-январда “Учкун” жамааттык мультимедиа борборунда журналистика тармагына кызыккан жаш волонтёрлор үчүн тренинг өтүлдү. Тренингдин максаты жаш журналистерге макала жазуу жана сүрөт, видеону туура тартууну үйрөтүү болгон.
Тренингди “Куланак” жамааттык мультимедиа борборунун бүтүрүүчүсү Кыргыз Улуттук университетинин 2-курсунун студенти Дилде Шатанова жана “Учкун” жамааттык мультимедиа борборунун координатору Найзабек Мукамбетов өттү.
“Куланак” жамааттык мультимедиа борборунун бүтүрүүчүсү Дилде Шатанованын айтымында бул тренинди жаш журналисттерге өздөрүнүн билимин гана бөлүшүп, тренинг өтүш үчүн бардык чыгымдар өздөрүнүн акча каражаты кеткендигин билдирди.
“Мен буга чейин “Куланак” жамааттык мультимедиа борборунда долбоордун негизинде бир жолу жаңылык даярдоо боюнча жаш журналисттерге тренинг өткөм. “Учкун” медианын координатору Найзабек Мукамбетовдун сунушу боюнча “Учкун” медиага дагы тренинг өттүм. Бул тренингди эч ким каржылаган жок. Жаш журналистердин алдыга умтулуусуна кичине болсо да түрткү болдум деген ойдомун”,- дейт Дилде Шатанова.
Ошондой эле, Шатанованын айтымында мындан кийин дагы “Учкун” медиа менен кызматташып, билимин тең бөлүшүп турарын баса белгиледи.
“Бүгүнкү өтүлгөн тренинг менен эле бардыгы чектелбейт. Мындан кийин дагы “Куланак” медиага жана “Учкун” медиа менен тыгыз иштешебиз. Мен өзүм “Куланак” медиада иштеп кеткендиктен ал жак менен өтө тыгыз иштешем. Буюрса Найзабек Мукамбетов дагы “Куланак” медианын жаш журналисттерине сүрөт, видео боюнча тренинг өтүп берет”,- деди ал.
Жалпысынан тренингге жалпы 10 окуучу катышып, эки бөлүк менен өтүлдү. Биринчи бөлүгүндө Дилде Шатанова жаңылык даярдоо боюнча өтсө, ал эми экинчи бөлүгүндө Найзабек Мукамбетов сүрөт, видеону тартуу эрежелери боюнча өттү. Тренингдин аягында окуучулар алган билимин практика жүзүндө иштөөгө өтүштү.
Изольда Жыргалбекова, Медина Касымбек кызы