“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын «Мыкты мугалими» аныкталды

1 Февраль 2021 жыл 17:03
Көрүүлөрдүн саны: 182

Нарын облусундагы Учкун айылдык Эшбай Токсобаев орто мектебинде «Мыкты мугалими- 2021» конкурсу өткөрүлдү. Аталган сынакка мектептин 13 мугалими катышты. Жыйынтыгында баш байгени башталгыч класстын мугалими Гүлшара Жакишова жеңип алган.

«Мыкты мугалим» сынагы мектеп жамааты арасында жыл сайын уюштурулат. Конкурстун максаты мектеп жамаатынын сапаттык курамын жакшыртып, мугалимдердин иш алып баруу жөндөмдөрүн ачып берүү болуп саналат.

Конкурстун жалпы катышуучулары сынак тапшыруу аземинде

Быйылкы жылкы конкурстун өзгөчөлүгү, мугалимдер конкурска өз окуучулары менен катышты.

Конкурстун катышуучулары өздөрүн тааныштырып жатат

«Сынакта мурдагыдай “Ачык сабак” же “Мыкты көрсөтмө курал” деген жобо болгон жок. Жаңы жобо, жаңы критерийдин негизинде уюштурулду. Жеңүүчү дагы ошол критерийлердин бардыгына жооп берген үчүн тандалып алынды. Мугалимдерибиз кадимки сабак учурунда деле ушундай өзгөчө методика менен өтөт», — деп билдирди Эшбай Токсобаев атындагы мектептин директору Назира Касымбекова.

Мектеп директору Назира Касымбекова баш байгени тапшырып жатат.

Мугалимдер бул конкурска катышуу үчүн окуучулары менен биргеликте сахналаштырылган оюн да көрсөтүшкөн. Алардын айтымында, мындай жол окуучу менен мугалимдин ортосунда көпүрө куруп берет.

Баш байгенин жеңүүүсү Гүлшара Жакишова өз окуучулары менен.

«Иш чарага мен акыркы жума даярдана баштагам. Бирок ага чейин окуучуларыма тапшырмаларды берип, окутуп жүрдүм. Негизи өзүм баш байге алам деп ойлогон эмесмин. Бир чети окуучуларыма да рахмат. Алар мен берген тапшырмаларды толук аткарып, мыкты денгээлде аткарып беришти», — дейт конкурстун жеңүүчүсү Гүлшара Жакишова.

Байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдер.

Конкурс 3 тур менен өткөрүлгөн. Ар бир турда мугалимдер билими жана таланты менен тапшырмалардан өтүштү. Андан сырткары катышуучулардын балдарга билим берүүдөгү өзгөчө методикалары да эске алынды.

Физика мугалими Акай Орозкожо уулу өз окуучулар менен

Конкурска мектептин атын алып жүргөн Эшбай Токсобаевдин баласы Мажик Токсобаев материалдык жактан демөөрчү болду. Ар бир байгелүү орунду алган мугалимдерге сыйлыктар тапшырылып, катышкан ар бир катышуучуга өзүнчө номинациялар тапшырылган.

Конкурсту көрүү үчүн келген жаш мугалимдин айтымында сынактын уюштурулушу алар үчүн да пайдалуу болоорун белгиледи.

Мектептин физика мугалими сынкатын экинчи баскычында оюн аткарып жатат

«Мен конкурстун терс жактарын көрө алган жокмун. Тескерисинче жаныбызда эле жүргөн эжеке, агайлардын билбей жүргөн таланттарына күбө болдук. Бизден көргөнү келген жаш мугалимдер үчүн өтө пайдалуу болду», — дейт конкурстун көрүүчүсү Канайым Алмаз кызы.

Бирок, ал жеңүүчү башка мугалим болот деп күтүп жатканын билдирди. Ал эми калыстар тобунун чечүүсү менен Гүлшара Жакишова баш байгеге татыган.

Сыйлык тапшыруу учурунда тажрыйбалуу мугалимдер менен бирге сүрөткө тушүп жатат

«Мен жеңүүчү Рахат эже болот деп ойлогом. Себеби, анын биринчи жана экинчи номери тең аябай жакшы болгон. Бирок, калыстар тобу кеңешип, өздөрүнүн балоо системасы менен туура эле чечим чыгарса керек», — деп белгилеп өттү жаш мугалим Канайым Алмаз кызы.

Белгилей кетсек, мектеп директору мугалимдер арасындагы мындай конкурстар дагы да өткөрүлөрүн белгиледи.

Учкун айылында муз аянтчасы ачылды
Ислам Мамбетов, Жаркынбек Эрбол уулу, Калида Мамбетова