“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Айыл тургундары өз күчү менен таза суу чыгарууну демилгелешти

20 Февраль 2021 жыл 17:25
Көрүүлөрдүн саны: 592

Нарын районуна караштуу Учкун айылында көп жылдан бери таза суу жеткиликсиз. Учурда ичип жаткан суунун сапатын лабораториядан текшерткенде ичүүгө жараксыз деп табылган. Тургундар бул көйгөйдү өз каражаттары менен чечүүгө бел байлады.

Учкун айылы Нарын шаарынан 60 километр алыстыкта жайгашкан. Анда 600дөн ашуун үй-бүлө жашайт. Айылга «Таза суу» долбоорунун алкагында 2005-жылы Кара-Булуң булагынан суу тартылган. Суунун көлөмү аз болгондуктан бир күндө 2 саатка эле чыгат. Ушул маалда суу алууга жетишпей калган тургундар алыскы булактардан же сай суусунан ичүүгө аргасыз болушат.

Учкун айылынын тургундары таза суу маселесин талкуулап жатышат.

Айыл тургунадыр бул маселе боюнча мамлекеттик органдарга жыл сайын кайрылуу жасап келет. Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Жаныш Ибраимакун уулу Учкун айылында суу маселеси бар экенин ырастаган эле. Ал аталган көйгөй 2020-жылы чечилет деп ишендирген болчу.

Бирок көйгөй дагы деле чечилбей жатканынан улам тургундар чогулуш өткөрүп, таза сууну өз каражаттарына чыгарууну кеңешишти.

Чогулушка келген элге айыл башчы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

«Азыркы учурда суунун сапаты начар. Мен өзүм сууну булактан ташып ичем, чоргодогу суудан мал гана сугарам. Азыр биздин дөн жерде жашаган үй-бүлөлөр суу ала алышпай, өтө кыйналышат. Эгер суу кирип калса абдан жакшы болот эле», — деп абалды түшүндүрүп берди Ишенбек Ажымүдүнов.

Айыл тургуну Ишенбек Сааданбеков көйгөйдү түшүндүрүп жатат

Чогулуштун негизинде таза сууну Кош-Булак деп аталган булактан тарттырып келүүнү туура көрүшүүдө. Себеби, айылга ошол аймактан тартылып келсе жалпы айыл үчүн жеткиликтүү жана сапаты да талапка жооп берет.

«Суу тартып келүүгө биз каршы эмеспиз. Кош-Булактын суусу таза жана басымы да жогору. Айылга ошол жактан киргизилгени туура болот. Азыркы учурда акча каражатын чогултуп жатканына каршы эмеспиз, ар бир айыл тургуну акча таап бере алат деп ишенем. Аракет кылып жаш балдарыбыз, келечегибиз үчүн сөзсүз белгиленген сумманы таап беришибиз керек», — дейт айыл тургуну Таланат Мустапаев.

Тургун Талант Мустапаев интервью берип жатат.

Айылга таза суу чыгаруу үчүн жалпы үч жарым, төрт миллионго чукул каражат жумшалат деп этептелген. Ал каражат айылда жашаган 420 түтүнгө бөлүнгөндө, ар бир түтүн он миң сомдон бериши керек болот.

«Дүйнө калкынын бештен бири таза сууга муктаж болуп келет. Айыл өкмөтү, жаштар, айыл тургундары биргеликте жакшы бир долбоор баштап жатабыз. Ар бир түтүнгө он миң сомдон туура келет. Айыл тургундарына кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бирок, тургундар бардыгы макул бул нерсеге. Азыр алып карай турган болсок, мамлекетке караганда жашоочулар бай, таап бере алышат деп ойлойм», — деген оюн билдирди Жаштар уюмунун мүчөсү Акай Орозкожо уулу.

Жаштар уюмунун мүчөсү Акай Орозкожо уулу көтөрүлүп жаткан маселеге карата өз пикирин билдирди.

Учурда айылда жашаган уруулар менен ар жума сайын жыйналыштар өткөрүлүүдө. Чогулуштун максаты жалпы тургундардын ою эске алып, маселени биргеликте талкуулоо менен чечим кабыл алуу болуп эсептелет.

«Азыркы учурда айыл башчы жалпы тургундар менен чогулуштарды өткөрүп жатат. Анын негизинде айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Таза суу киргизүү иштерине айыл башчы жана атайын комиссия жооптуу болот. Учурда таза суу киргизүү үчүн ар кандай бейөкмөт уюмдарга кайрылып жатабыз. Кээ бир адамдар техникалык жактан жардам беребиз деп жатат», — дейт айыл өкмөт башчысы Темирбек Мадылканов.

Айыл өкмөт башчысы Темирбек Мадылканов.

Айыл тургундарынан топтолгон акча түздөн түз банктык эсепке которулуп, ар бир аткарылган ишке карата кеткен сумма боюнча тургундаргы ай сайын отчет берилип турат.

Буга чейин Учкун айылындагы таза суу көйгөйү тууралуу жазылып келген.

 

Гүлзар Казиева, Гүлсүн Тынчтыкбек Кызы, Ислам Мамбетов