“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын ортосундагы негизги көчө жарыктандырылды

2 Март 2021 жыл 18:45
Көрүүлөрдүн саны: 149

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын негизги көчөсүнө жарык бергичтер орнотулду. Ал көчөдө көпүрө жайгашып, Учкун айылынын эки бөлүгүн бириктирип турат. Буга чейин ал жер караңгы болгондуктан, ар түрдүү кырсыктар катталчу.

Жарык берчү прожекторлоду орнотууга 150 миң сом өлчөмүндө акча каражат жумшалган. Анын 95 миң сому жергиликтүү бюджеттен каралса, айылдагы демилгелүү балдар 66 миң сом чогултуп беришкен.

Жаңы орнотулган жарыктандыргычтар.

«Айылды жарыктандыруу үчүн аттуу-баштуу байке инилерибизге кайрылып келгенбиз. Азыр ошону ишке ашырдык. Көчөнүн жарктандырууга айыл тургундары да жардам кылды», — деп белгилейт Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов.

Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов маалымат берип жатат.

Чогултулган акчага 16 прожектор орнотулган. Алар кадимки эле электр энергиясына туташат. Бирок өзгөчөлүгү кеч киргенде автоматтык түрдө жарык берилет.

Прожекторлор кеч киргенде автоматтык түрдө жарык берет.

«Жарыктандыргычтарды коюлганына бардыгыбыз кубанып жатабыз. Биз айылдын биринчи бөлүгүндө жашагандыктан, окуучулар мектепке келип кетерде сарсанаа болчубуз. Азыр болсо балдарыбыз үчүн мурдагыдай коркпой калдык. Өзгөчө окуучуларга жакшы болду», — деп белгилейт айыл тургуну Курманбек Калыков.

Учкун айылынын Көк-Жар бөлүгүндө жашаган тургун маек берүү учурунда.

Жарык берүүчү прожекторлор орнотулган жер мурда абдан карангы болуп, ар кандай кырсыктар катталчу. Айыл тургундары жарыктандыруу көптөгөн кокустук-кырсыктарды алдын алат деп эсептейт.

Жарык бергичтердин орнотулушу кырсыкты алдын алат.

«Жарыктар орнотулганга чейин көп эле унаа кырсыктап, малдарды сүзүп алган учурлар көп болчу. Азыр андайлар каттала элек. Бир чети бул айылдын өнүгүп жатканынан кабар берет десек да болот», — деп белгиледи Курманбек Калыков.

Айыл башчы алдыңкы жылдары Учкун айылынын негизги көчөсүн башынан аягына чейин жарыктандыруу планы бар экенин билдирди.

 

Гүлзар Казиева, Гүлсүн Тынчтыкбек кызы