“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Туусу көктөн түшпөсүн» Учкун айылында желек күнү белгиленди

3 Март 2021 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны: 115

Нарын районундагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде мамлекеттик туу күнүнө карата окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Желектин маанилүүлүгү, анын чечмелениши тууралуу окуучулар чакан иш- чара уюштурган.

Мамлекеттик туу күнү жал сайын 3-мартта өткөрүлөт. Учкун айылынын мугалимдери окуучуларга туунун маанилүүлүгү жана анын чечмелешин түшүгдүрүү максатында иш чара уюштурушту. Анын негизинде туу жөнүндө көркөм окуулар айтылып, окуучулар арасында тест өткөрүлдү.

Окуучулар туунун чечмеленишин түшүндүрүп жатат.

«Ар бир улут өзүнүн символикаларын билиши керек. Себеби, ошол аркылуу бизди башка элдер таанып, билет. Ошол себептен окуучуларга маалымат берүү негизги максатыбыз болчу. Балким биздин окуучулардын арасынан желегибизди желбиреткен мыктылар чыгат деп ишенем», — дейт Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков.

Иш чара гимн менен башталды.

Мектептин кыргыз тил мугалимдери окуучуларга класстан тышкаркы окууларды өткөрүп, кызыктуу видеолорду көрсөтүшкөн. Анын максаты окуучулардын патриоттук сезимин ойготуу жана маалымат берүү болгон.

Иш чарага катышкан окуучулар гимн ырдап жатат.

«Бул иш чараны мектеп парламенти уюштурдук. Окуучуларга тест түрүндө суроолорду берүү алар үчүн кызыктуу болду. Билбеген маалыматтарын билип алса, көп нерсеге үйрөнсө жана патриоттуулук сезими күчөсө биз кубанычта болобуз», — деп түшүндүрдү мектеп парламентинин мүчөсү Калия Мамбетова.

Мектеп парламенти туу тууралуу ырларды көркөм окушту.

Ошондой эле уюштуруучулар ак калпак тууралуу кызыктуу фактыларды айтып, анын түрлөрүн түшүндүрүшкөн.

«Бул иш чарага окуучулар эле эмес, мугалимдер да көңүл буруп, даярдыктарды көргөнбүз. Сабак өтүп жатканда окуучулар активдүү катышты. Видеолорду көрүп, талкуулоо кылдык. Мындай сабактар буга чечин да болгон », — деп белгилейт мугалим Мунара Курманова.

Иш чарага окуучулардан тышкары мугалимдер да катышып, алар да кызыктуу маалыматтарды алганын белгилейт.

Куланак: Мектепте туу күнү белгиленди
Гүлзар Казиева