Нарындын Учкун айылында ак калпак күнү белгиленди. Ага мектеп окуучулары, мугалимдер жана айыл жаштары катышкан. Окуучулар ак калпактын чоң үлгүсүн жасап, желек көтөрүп жөө жүрүшкө чыгышкан.
Кыргызстанда ак калпак күнү 5-мартта белгиленет. Учкун айылынын окуучулары да бүл күндү салтанаттуу өткөрүштү. Алар айыл тургундарына ак калпактын өзгөчөлүгүн даңазалоо максатында, негизги көчөгө ак калпак кийип алып жөө жүрүш уюштурушту.
«Жөө жүрүштө биз улуттук баш кийимди урматтап сыйлоо, унутта калтырбай кийинки муундарга өткөрүп берүү максатын көздөдүк. Жүрүш мыкты денгээлде өткөрүлдү. Аба ырайы да эч кандай тоскоолдук жараткан жок», — деп белгиледи мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басаары Нурсултан Асанбеков.
Ак калпактын белгиленишине мектептин 1-классынан баштап, 11-класста окуган балдар катышкан. Ошондой эле жөө жүрүштө шаардан келген манасчы коноктор да болду.
«Жүрүшкө Бишкек шаарынан келген манасчы коноктор да катышты. Алар биздин балдарга өзүнүн кеп-кеңештерин айтып, калпактын маанилүүлүгүн түшүндүрүп берди», — дейт Асанбеков.
Жүрүштүн катышуучусу Жаркынбек Эрбол уулу ак калпак күнү мыкты денгээлде белгиленди деп эсептейт. Себеби, жүрүштүн алкагында айыл тургундары да окуучуларга жакшы сөздөрүн айтышкан.
«Жүрүшкө чыкканда айыл тургундары да жакшы кабыл алды. Байкелер келип, бизге жакшы сөздөрүн, каалоолорун да айтышты. Окуучуларга болсо бул нерселер жакшы таасир калтырат», — деп түшүндүрдү мектеп окуучусу Жаркынбек Эрбол уулу.
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.
Ислам Мамбетов