“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Нарында райондук «Манас таануу» сынагы өткөрүлдү

15 Март 2021 жыл 13:20
Көрүүлөрдүн саны: 167

Нарын районундагы Учкун айылында райондук денгээлдеги «Манас таануу» теле таймашы өткөрүлдү. Сынак билим берүү жана илим министрлиги, Коомдук телерадио берүү корпарациясы жана «Саякбай манасчы» коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштурулган. Аталган таймашка 32 мектептен 36  команда катышкан.

«Манас таануу» таймашы жыл сайын Райондук, Облусттук жана Республикалык баскычта өткөрүлөт. Нарын районунун окуучулары жыл сайын аталган конкурска катышып, байгелүү орундарга ээ болуп кайтышкан. Бул сынак райондук баскыч болуп эсептелет.

Катышуучу топторго суроо берилип жатат

«Сынакты өткөрүүгө жакшы эле даярдык көрдүк. Райондук баскычта бизде өткөрүлүп жатканы бир эсе сыймык. Себеби буга чейин мен даярдап келген командалар мыкты байгелерге ээ болот. Бир чети уюштуруучуларга биздин шарттарды, даярдануу жолдорун көрүп кеткени да жакшы болду деп ойлойм», — деп билдирди Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин кыргыз адабияты мугалими Гүлмира Жумагулова.

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин мугалими, «Манас таанууга» окуучуларды даярдайт.

Сынакты өткөрүү райондук билим берүү тармагынан сунушталган.Директордун айтымында мектеп жамааты бул сынакты өтүүнү сыймык катары кабыл алышкан.

Катышуучударга сыйлык тапшыруу аземи жүрүп жатат.

« “Манас таануу” таймашын өткөрүү үчүн Нарын райондук билим берүүнүн өкүлү чалып, биздин айылга өткөрүүнү сунуштады. Себеби биздин айылдан чыккан топ жыл сайын байгелүү орундарды камсыз кылып келет. Мен директор катары бул берилген жоопкерчиликти сыймыктануу менен кабыл алдым. Мугалимдер менен биргеликте эң жогорку денгээлде өткөрүп алдык», — дейт Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин директору Назира Касымбекова.

Учкун айылынын «Манас таанууга» катышкан «Күн баян» тайпасы.

Теле таймашка алыскы айылдардан да келишкен. Алардын айтымында райондук таймашка катышуу үчүн буга чейин бир топ даярдыктарды көрүшкөн.

«Биз алыскы айылдан келдик, жеңебиз деген ниээтте келип отурабыз. Биз Кара-Кужур айылынан келдик. Тобубуздун аталышы “Ой-Жайлоо”. “Манас” эпосунда биздин жер ушундай аталат экен. Ошого топтун атын ушундай койдук. Бул жакка келүүдө кыйынчылыктар деле жаралган жок», — дейт Кара-Кужур айылынын окуучусу Төлөмүш Бакыт уулу.

Таймаш кызуу өткөрүлүп, көрүүчүлөр ичинен суроолорго жооп берип жатышат.

Теле таймаштын жыйынтыгында 5 тайпа бирдей упай алып, тең чыгуу болгон. Уюштуруучулар топтордун эмгегин, жигердүүлүгүн баалап, аталган топтордун бардыгына тең облусттук таймашка барууга мүмкүндүк беришкен.

«Манас таануу сынагына катышуучу топтордун даярдыгы жылдан-жылга мыкты болуп келе жатат. Бул жолу окуучу, мугалимдердин даярдыгы мыкты экени көрүнүп турат», — деп белгилейт Оттук орто мектебинин мугалими Гүлжан Мусабекова.

Оттук айылынан келген Гүлжан Мусабекованын даярдап келген тайпасы.

Райондук таймаштан өткөн топтор, облусттук турга жолдомо алышат. Облусттук таймаш учурунда 2-3 команда тандалып алынып, республикалык таймашка жолдомо берилет.

«Манас таануу» таймашы «Манас» эпостун жайылтуу, өркүндөтүүнү натыйжалуу камсыз кылуу максатында өткөрүлүп келет.

«Манас таануу» теле таймашынын райондук баскычында катышканы келген топтор ат салышып жатат.

Буг чейин Учкундук Гүлмира Жумагуованын түзгөн тайпалардын аталыштары бири бирине окшоп кетет. Бул күнгө чейин ал «Улуу Баян», «Гүл Баян», «Нур Баян», «Шер Баян», «Зор Баян» деген тайпалар менен сынакка катышкан.

2017-жылы Учкун айылынын «Нур Баян» деген тайпа даярдап Республикалык денгээлде баш байгеге ээ болсо, башка командалары жыл сайын биринчи жана экинчи орундарды багындырган.

Гүлзар Казиева, Ислам Мамбетов
Редактору: Найзабек Мукамбетов