“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкунда мугалимдер өз каражатына мектепти оңдошту

24 Март 2021 жыл 17:39
Көрүүлөрдүн саны: 94

Нарын районуна караштуу Учкун айылында эски мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, терезе эшиктери толук бойдон алмаштырылды. Мектепти жаңылоо ишин мугалимдер демилгелеп, өз каражаттарына оңдошкон.

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеп эки корпустан турат. Жаңы имараты жогорку класстар үчүн болсо, эски имаратында 1-класстан 5-класска чейинки окуучулар билим алат.

Эски мектептин имараты

Мектептин эски имаратын оңдоп-түзөөгө жалпы 300 000 сом каражат топтолгон. Ал каражат мектептин мугалимдеринен чогултулган. Эски имараттын мугалимдери 2000 сомдон, жаңы имараттыкы болсо 500 сомдон чыгарган. Оңдоо иштерине директор баш болуп, мугалимдер өздөрү да жардам берген.

Окуучулар оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн имаратта окуп жатат.

«Ушул ишке көмөк көрсөтүп, жардам берген мектеп кызматкерлеринин бардыгына терең ыраазычылык билдирем. Мектептин жасалышы жеке эле окуучуларга ынгайлуу шарт түзбөстөн, мугалимдерге, айыл элине шарт түзүлдү десек жаңылышпайбыз», — деп билдирди Эшбай Токсобаев орто мектебинин директору Назира Касымбекова.

Мектеп директору Назира Касымбекова оңдоо иштерине жардам берип жатат

Мектептин имараты көп жылдан бери ремонттоло элек болчу. Оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнүн максаты окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болгон.

«Азыркы учурда билим берүүгө шарт жакшы болуп калды. Мугалимдер менен бирге эле окуучулар да кубанып жатышат. Эски мектептин абалы бир аз начарлап кеткен. Бул имаратта башталгыч класстын окуучулары билим алат. Алардын мектепке болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөдүк. Себеби окуучулар биздин келечек», — деп белгилейт Учкун айылындагы мектептин мугалими Гүлмира Имакеева.

Башталгыч класстын мугалими Гүлмира Имакеева маек берип жатат

Мектептин имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү ишинин алкагында, бардык эшик, терезелер алмаштырылып, класстар сырдалып, бир класстык бөлмөгө текстура чачылган.

Оңдоп түзөө ишин Нурлан Сыдыков деген уста аткарып, бир бөлмөнү демөөрчү катары бекер жасап берген.

Мектеп жамааты оңдоп-түзөө иштерине көмөктөшүп жатат

Мектеп окуучуларынын айтымында, имараттын оңдолушу мугалимдердин аларга карата көрүп жаткан камы экенин билдирди.

Оңдолгон класстык бөлмөнүн көрүнүшү

Белгилей кетсек, өткөн жылы Учкун айылындагы мектептин эски имаратынын жылуулук тармагы толук ремонттолгон. Эски от жагуучу мештер жылуулук системасына алмаштырылган болчу.

Кара-Суу: Окуучулар айылда чоң мектеп салынса дешет
Ислам Мамбетов, Найзабек Мукамбетов