“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Мистер жигит» — Учкундун мыктысы аныкталды

10 Апрель 2021 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны: 181

Учкун айылында Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Мистер жигит» аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка 8-9-10-11-класстын окуучулары катышып, жеңүүчүсү деп Айтаалы Эркинбек уулу табылды.

«Мистер жигит» сынагы меткепте биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Анын максаты эркек окуучуларды ар кандай иш-чараларга кызыгуусун арттыруу болгон.

Сынактын жеңүүсүсү Айтаалы Эркинбек уулу белек алып жатат.

«Берилген жобого ылайыкташтырып окуучулар мыкты даярданышкан,бизге дагы өтө кызыктуу болду. Негизи буга чейин жалаң жигиттер аралык сынактар өтчү эмес,быйыл ушу сынак өзгөчө болду. Негизи кыздар бардык жерде, окууда, коомдук иштерде, иш чараларда өтө активдүү болушат. Бул сынак жалаң жигиттер аралык болшунун максаты, себеби эркек балдарды, шыктандыруу, өнүктүрүү, китепке кызыктыруу,жандандыруу максатында уюштурулду», — деп билдирди тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков

Мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков маек куруп жатат.

Балдар арасында «Мистер жигит» сынагын өткөрүүнү мектептин соц педагогу Акай Орозкожо уулу менен Нурсултан Асанбеков экөө пландаган. Сынакты жыйынтыгында бериле турчу белектердин акчасын эки мугалим өз чөнтөгүнөн чыгарган.

Уюштурулган иш-чарага калыстык кылып жаткан мугалимдер.

Сынактын өтүшү 4 тапшырмадан турду. Алгачкы бөлүгү саламшадуу деп аталып, экинчи бөлүгүндө жигиттер өз өнөрлөрүн көрсөттү. Акыркы бөлүгүндө болсо катышуучулар «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» аттуу китебинин негизинде түзүлгөн 10 суроого тест түрүндө жооп берген.

Коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарган Айтаалы Эркинбек уулу сынактын баш байгесине татыды.

«Мистер жигит» наамына татыган Айтаалы Эркинбек уулу тамак жасап өз өнөрүн көрсөтүп жатат.

«Бул сынак жогорку деңгээлде өттү, жалаң жигиттер аралык болгондуктан кызыктуу болду. Сынакка мен өзүмдү өнүктүрүү, классымдын намысын коргоо максатнда активдүү катыштым. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» аттуу бөлүмүндө мен салат жасап өзүмдүн өнөрүмдү көрсөттүм. Андан кийинки бөлүмүндө ырдап талантымды көрсөтүп, баш байкени жеңдим, мага белек катары грамота жана PowerBank (чөнтөк кубаттагыч) берилди», — дейт «Мистер жигит» наамына ээ болгон Айтаалы Эркинбек уулу

Сынактын уюштуруучу Акай Орозкожо уулу иш чара өтө жогорку денгээлде өттү деп эсептебейт. Себеби, айрым кемчиликтер да болгон.

Сынактын уюштуруучусу Акай Орозкожо уулу иш-чара тууралуу өз оюн билдирип жатат.

«Мен өтө жогорку деңгээлде өттү деп айта албайм, өтө жаман болду деп дагы айта албайм, ар бир сынакта катачылыктар болот, албетте кемчиликтер болду, жигиттер кээ бир учурларда тартынып, эл алдында чыгууда сүрдөп жатышты ошондой эле кээ бир окуучуларыбыз жакшы даярданбагандыгы көрүнүп турду. Ошонун бардыгын эске алганда өтө жогорку деңгээлде өттү де айта албайм. Ал эми мыкты катышкандарга мектептин атынан жана окуучулардын шык дараметине жараша грамоталар жазылып, баш байгеге PowerBank, 1-орундарга саатар берилди», — дейт Акай Орозкожо уулу.

Катышуучулар мектеп директору менен бирге жалпы сүрөткө түшүп жатат.

Сынакка активдүү катышкан окуучуларга грамота жана кызыктыруучу белектер берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин «Мис Учкун» сынагы кыздар арасында өткөрүлүп келген. Бул жолку сынак жигиттер арасында болду.

Гүлзар Казиева