“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Шайлоодо жаштардын активдүүлүгү байкалды» — Шайлоо комиссиясынын төрайымы

12 Апрель 2021 жыл 16:04
Көрүүлөрдүн саны: 188

Региондордогу шайлоонун жүрүшү тууралуу билүү максатында Нарын районундагы №4052 — Учкун шайлоо участогунун төрайымы Майрамкүл Мүдүнова менен маек курдук. Төрайым бизге бул шайлоонун мурдакылардан айырмасы тууралуу айтып берип, шайлоочуларда кандай өзгөрүү болгонуна токтолду.

Атайын шайлоо үчүн шаардан айылга келген бала идентификациядан өтүп жатат.

Кыргызстандын аймагында жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлдү. Шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова айылдын жаштар жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышканын белгилейт.

Айыл тургундары шайлоодо добуш берип жатат.

«Шайлоого элдер өз каалоосу менен катышып, каалаган адамына добуш берди. Себеби жергеликтүү кеңештерге шайлоо айылдын турмушуна түздөн түз тиешеси бар. Ашыкча үгүт иши же добуш сатып алуу байкалган жок», — деп белгилейт төрайым Мүдүнова.

Шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова иш ордунда.

Учкун айылында 1760 шайлоочу катталган. Алардын 700дөн ашыгы гана шайлоого келген. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына 19 адам талапкерлигин койгон.

«Жергиликтүү кеңешке койгон талапкерлердин жашы жана статусу ар түрдүү болду. Жаштар да, улуу муундун өкүлдөрү да бар. Жаш талапкерлерди колдогон айыл тургундары көп болду. Себеби, алар айылдын жашоосуна активдүү катышып, ар түрдүү иш-чараларды, чогулуштарды өткөрүп келет», — деген оюн билдирди Майрамкүл Мүдүнова.

№4052 — Учкун шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоого даярдык көрүп жатат.

Шайлоого катышкандардын дээрлик бардыгы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга макул деп добуш беришкен. УШКнын төрайымы бул көрсөткүчтү айылдын референдумдан көптү күтүп жатканы менен түшүндүрдү.

Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоого даярдык көрүп жатат.

«Айыл жашоочулары референдумдан чоң өзгөрүү күтүп жататкандай. Келген шайлоочулардын дээрлик бардыгы макул деген добушун берди. Башкысы бул тандоону алар өздөрүнүн каалоосу менен аткарды. Эми алдыда жакшы бардыгы жакшы болуп, эл үмүтү акталат деп ишенем», — деген үмүтүн билдирди төрайым.

Шайлоого катышуу үчүн шаардагы жаштар атайын унаа айдатып келишкен. Төрайым алар да айылдын турмушуна кайдыгер карабайт деп эсептейт.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү участокту ачаар алдында.

«Мурдагы шайлоого салыштырмалуу бир топ эле өзгөрүүлөр байкалды. Тургундардын шайлоого катышуу маданияты жогорулап, эркин тандоо укугун пайдалана алышты. Балким бул жергиликтүү кеңеш болгон үчүн ошондой болгон чыгаар. Бирок, өзгөчө жаштар активдүүлүгүн көрсөттү. Шаардан атайын шайлоо үчүн гана келгендер көп болду», — деп белгиледи Мүдүнова.

Ислам Мамбетов, Гүлзар Казиева