“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундук мугалим Республикалык сынакта үчүнчү болду

13 Апрель 2021 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны: 41

Нарын районундагы Учкун айылынын тарых сабагы боюнча мугалим, тирбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков «Санарип мугалим» Республикалык сынагынан 3-орунга ээ болду.

«Санарип мугалим» сынагы 2019-жылдын ноябрь айынын орто ченинде башталган. Ага республика боюнча мугалимдер катышып, түрдүү тапшырмаларды аткарышкан.

«Санарип мугалим» сынагында белек тапшыруу аземи жүрүп жатат.

«Сынактын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем. Бул сынактын аркасында көп жемиштер болду», — деп белгилейт сынактын 3-орунун багындырган Нурсултан Асанбеков.

Бул сынактын эң негизги максаты мугалимдерге колдоо көрсөтүү, технологиянын ыкмаларды үйрөнүү жана санариптүү Кыргызстанды курууга салым кошуу болуп эсептелет.

Нурсултан Асанбековдун алган ыраазычылык баракчасы.

«Сынак 6 айга созулду. Ошол аралыкта ар түрдүү китептерди окуп, семинарларга катыштык. Меда сабаттуулук, технологиялар боюнча жаңы жөндөмдөгө ээ болдук», — деп билдирди Асанбеков.

Нурсултан Асанбековдун 3-орун алганын тастыктаган диплому.

Жаңы технологияларды пайдалануу, Медиа сабаттуулук, үй-бүлөөлүк баалуулуктарды бекемдөө, китеп окуу маданиятын жайылтуу жана ата-энелер мектебин жандантыруу сынактын негизги багыты болгон.

Сүрөт фейсбуктагы «Санарип мугалим Кыргызстан» тайпасынан алынды.

Сынак «Санарип академиясы» тарабынан каржыланып, Республикалык баскычта байгелүү орундарга ээ болгондорго кызыктуруучу сыйлыктар жана дипломдор тапшырлды.

 

Гүлзар Казиева