“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Фотобаян: Сакмал же Сакман мезгили деген эмне?

29 Апрель 2021 жыл 18:03
Көрүүлөрдүн саны: 95

Сакмал – мал чарбачылыгы менен алектенген кыргыздар үчүн бул түшүнүк кыш айынын аягы жана жаздын башталышындагы мезгилди камтыйт. Өлкөбүздүн айрым жерлеринде болсо, «сакман» деп да колдонулат.

Сакмал убагында малчылардын кой-эчкилери төлдөп, аларды көңүл коюп багышат. Суугу катаал Нарын облусу үчүн сакмал убагы өтө катаал өтөт. Койлор түнү менен төлдөгөн учурлар дагы кездешет. Ошол себептен түнү менен дагы убакыт-убакыт менен карап, текшерип турушат.

Бул фото материлда Нарын облусундагы Учкун айылынын жөнөкөй жашоосу чагылдырылды. Бул сүрөттөрдөн сакмал убагындагы ар бир түйшүк, кызыктуу окуяны көрө аласыз.

Козулар эки ирээт сүт эмгени энелерине кое берилет. Башка учурда чөп салынып, багылат.

Айрым козуларын эмизбеген койлорду кармап эпизүүгө туура келет.

Эгиз туулган козулардын бирөөсү тоюп, экинчиси ач калбашы үчүн, бир мезгилде энесине кое берилиши керек.

Козуларын өз алдынча эмизбеген койлорду кармап эмизүүгө туура келет.

Козулардын жалпы көрүнүшү.

Бир короодо ар түрдүү, өзгөчө козулар дагы кездешет.

Ак жүндүү козулар.

Сакмал маалында айыл тургундары жалгыз койлорду гана эмес, уйларды да багышат.

Койлорго кечинде чөп салып жаткан мезгил.

 

Найзабек Мукамбетов