“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Эл пикири: Эттин баасы кымбаттаса айыл тургундары үчүн жакшы, шаарлыктар үчүн жаман

5 Май 2021 жыл 15:48
Көрүүлөрдүн саны: 154

Кыргызстанда эттин баасы жылдан жылга өсүп бара жатат. Бул тууралуу статистикалык маалымат топтоп, айыл жашоочуларынын пикирин билип көрдүк.

Бир жылда койдун эти 100 сомго, уйдун эти 89 сомго кымбаттаган.

Улуттук статистика комитети эттин чекене баасы бир жылда 27 пайызга жогорулаганын аныктаган. Анын негизинде бир жылда койдун эти 100 сомго, уйдун эти 89 сомго кымбаттаганы белгилүү болгон.

Комитет 18 калктуу конуштагы 2020-2021-жылдын 22-апрелиндеги эттин орточо керектөө баасы боюнча мониторинг жүргүзгөн.

«Уйдун этине болгон баалар республика боюнча орточо 450,31 сомду түзгөн. Бул баа өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89 сомго, же дээрлик 25 пайызга өскөн. Ал эми 1 кг койдун эти 449 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 29 пайызга өстү», — деп жазылат маалыматта.

Каракол шаарында жана Талас облусунун Покровка айылында кой эти башка жерлерге салыштырмалуу арзан.

Эттин баасынын өсүшүнө карата тургундардын кайчы пикири

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундары эттин кымбаттап жатканы тууралуу ар түрдүү оюн билдирди. Алардын айрымдагы эттин кымбатташы мал-чарбачылыгы менен алектенгендер үчүн пайдалуу.

Кыргызстандын көпчүлүк айылдары мал-чарбачылыгы менен алектенет.

«Эттин кымбат болушу бир эсептен карай келсек жакшы эле. Себеби, биз мал-жандыкты багып, ошол менен оокат кылабыз. Региондордун бардык айылдарында эле ошондой абал. Же шаар тургундарындай биздин иштеген жумушубуз болбосо. Эт кымбаттаса малдын да баасы көтөрүлөт, мындайча айтканда жакшы», — деп бегилейт айыл тургуну Талант Мустапаев.

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Талант Мустапаев маалымат берип жатат.

Бирок айрым жашоочулар этке болгон баа туруксуз болуп, бат кымбатап-арзандоосу айыл элина жана шаар тургундарына да жаман экенин белгилейт.

«Баа туруктуу болгону жакшы. Себеби бир туруп түшүп кетсе баккан малыбыз актабай калат. Шаар тургундарына эттин баасы кымбаттап атканы начар эле. Себеби алар бардыгын сатып алат да, биздей мал кармоого алардын шарты жок», — деген оюн билдирди айыл тургуну Курманбек Калыков.

Нарын Районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Курманбек Калыков.

Кыргызстандагы тамак аштын баалары

Тамак-аш азыктарына болгон баалар кескин көтөрүлө баштаганын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь айынынын этегинде эле айта баштаган. Анда комитет 2020-жылдын башынан тартып азыктардын ичинен кумшекер, суу май жана жаңы бышкан жемиштер кымбаттады деп билдирген.

Андан тышкары, Улуттук статком кыргызстандыктардын 2020-жылдын сентябрь-январь айларына карата реалдуу кирешеси 5%га төмөндөгөнүн айткан. Реалдуу кирешенин төмөндөшү — бул азык-түлүк жана башка товарлардын баасынын кымбатташынын кесепети.

Дүкөндөгү азык-түлүк.

Жыл башында премьер-министр Улукбек Марипов азык-түлүк баасы өсүп жатканы үчүн өкмөттү «актануудан ишке өтүү керек», — деп сынга алган.

Марипов өкмөттүн басма сөз жыйынында бардык тийиштүү ведомстволордун милдети жарандарды азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо болуп саналарын билдирген.

Эсептеңиз: Эт сатып алуу үчүн сиз бир айда канча күн иштешиңиз керек?
Гүлзар Казиева