“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

2021-жылы Учкун айылында коронавирус каттала элек

6 Май 2021 жыл 22:47
Көрүүлөрдүн саны: 101

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2021-жылы коронавирус илдети каттала элек. Социалдык, экономикалык абал туруктуу. Бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгер Айзада Супуева билдирди.

«Учурда айыл эли тынч эле жатат. Жаз келип, аба тазарганы тургундардын иммунитети үчүн да жакшы. Ар бир жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Айылдагы жалпы абалды жакшы деп бааласак болот», — деди ал.

Учкун айылындагы үй-бүлөлүк дарыгер Айзада Супуева маалымат берип жатат.

Үй-бүлөлүк дарыгердин айтымында, медициналык борборго келген ар бир жашоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Себеби, айылда абал тынч болгону менен, өлкө боюнча кооптуу абал дагы деле жаралышы мүмкүн.

Үй-бүлөлүк медициналык борбордун имаратынын ичи жана айрым медициналык каражаттар.

 

«Учурда айылда оору жок болгонуна байланыштуу тургундар коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча көп түшүнө албай жатат. Биз болсо болушунча айтып жатабыз. Учурда биздин медициналык борбордо дары-дармектер жетиштүү», — деп белгиледи Айзада Супуева.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн атайын эрежелерди сактоо жашоочулардан көз каранды.

«Биздин үй-бүлө болушунча санитардык эрежелерди сактаганга аракет кылып, хлор, антисептик өңдүү каражаттарды колдонуп жатабыз. Бирок ал деле үй-бүлөлөрдөн көз каранды. Чынында кээде коопсуздук, санитардык эрежелери сакталбай калып жатат», — деп белгиледи Алмаш Ниязова.

Учкун айылында сатуучу болуп эмгектенген Алмаш Шиязова

Өлкөдөгү коронавирус боюнча абал

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандар күн сайын катталып, каза болгондор да жок эмес. Бирок ошол эле учурда дарыланып жаткан адамдар да айыгып жатышат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтынан алынды

Мисалы 6-майда өлкө боюнча коронавирустун жаңы 320 учуру катталып, үч адам каза болду.

Ошондой эле, өткөн суткада 217 киши айыгып чыгып, айыккандардын жалпы саны 90 617 киши болду. Ал эми өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 97 278 кишини түзүп, ал эми 1 640 адам оорудан көз жумду.

Төлөк айылында Covid-19 илдетин жуктуруп алгандар каттала элек
Гүлзар Казиева