“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Нарындын Учкун айылынан Баткенге жардам

7 Май 2021 жыл 18:01
Көрүүлөрдүн саны: 167

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундары Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жабыркаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүп, жеринен кабар алып келди.

Учкун айылынын тургундары Баткенде үйү өрттөнүп, жабыркаган жашоочуларга жалпы жүз миң сомдон ашык акчалай жардам көрсөтүштү. Айыл жаштары жалпы жашоочулардан чогулган акчаны 10 миң сомдон кылып 11 үй-бүлөгө бөлүп беришкен.

Учкун айылынан шайланган өкүлдөр Баткен облусунда.

«Айыл жаштарынын демилгеси менен жалпы тургундардын колдоосу менен жүз миң сомдон ашык каражат чогулттук. Акчаны чогултуу боюнча биз атайын комиссия тузүп, бардык берилген акчалар эсептелди. Каражатты дарегине жеткерген соң элге да видео кайрлуу жасап, отчет беребиз», — деп белгиледи Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов.

Чогулган акчаны жеткирип берүү үчүн айыл жаштарынан атайын топ түзүлгөн. Алар окуя болгон жерди көрүп, жардамды өз колдору менен тапшырган.

Баткен облусуна жардам алып барган Учкун айылынын өкүлдөрү.

«Айыл элинин аманатын өз жерине алып барып берүүгө аракет кылдык. Биз барган айылда 10 турак үй күйүп кеткен экен. Жашоочулар бир эле айылда жашаганы менен эки өлкөнүн чек арасын ортодогу бир көчө гана бөлүп турат экен. Айылдарды бүт эле кыдырдык. Айылга кирсең тим эле күйүк жыттанып турат экен. Учурда баткендик туугандарыбыздын абала өтө эле оор экен», — деди Ырысбек Үсөнов.

Жардам берген Учкун айылына аксакал ыраазычылыгын билдирип жатат.

Айыл эли, жаштардын Баткен облусуна жардам берили деген демилгесин кубануу менен колдогон. Алардын айтымында мындай иштер калыптанып калган терс көз караштарды жоюуга болгон соң кадам болуп эсептелет.

Учкун айылынын жаштар уюмунун өкүлдөрү.

«Айыл жаштарынын ушундай ыкчам топтолуп, каражат чогултуп жардам бергенин мен жогору бааладым. Себиби Баткен кайда да, Нарын кайда, эки облус чек аранын эки учу болуп атпайбы. Биз өзүбүз деле ал жерди көрүп келген эмеспиз. Бирок жаштардын ушундай демилгеси өлкөнү бекемдейт жана коомдо калыптанган терс көз караштары жоет», — деп билдирди айыл тургуну Майрамкүл Мүдүнова.

Учкун айылынын тургуну жана алдар кеңешинин төрайымы Майрамкүл Мүдүнова.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу

Баткен облусу. Сүрөт ээси-Акай Орозкожо уулу.

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Баткен облусу. Сүрөт ээси-Акай Орозкожо уулу

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Анын ичинде 12 жаштагы Мадина да бар. Ал 29-апрелде Лейлектин Интернационал (Борбордук) айылында тажик тараптан атылган миномёттун огунан каза тапкан.

Тажик бийлиги 6-майда 87 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 19 киши набыт болгонун кабарлады.

Жаңы-Жер элинен Лейлектеги мекендештерге жардам жеткирилди
Гүлзар Казиева