“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Дарыгер: «Карылар санитардык эрежелерди жаштарга караганда жакшы сактайт»

11 Май 2021 жыл 17:47
Көрүүлөрдүн саны: 86

Нарын районундагы Учкун айылында жашы улгайган адамдардын абалы жакшы. Алар жаштарга салыштырмалуу санитардык эрежелерди жакшы сакташат. Бул тууралуу айылдагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси Замира Базарбаева билдирди.

Учкун айылынын үй-бүлөлүк дарыгери Замира Базарбаева.

«Айылда өнөкөт оорусу бар кары-картаңдар бар. Алар тиешелүү дарыларын жаздырып алып, үйдөн дарыланып жатат. Катуу ооруп, төшөктө жатып калган учурлар өтө аз. Кокус илдет жугуп калса кантип алдын алышы керек, кандай чараларды көрүш керек экенин билишет. Кары-картаңдар жаштарга салыштырмалуу санитардык эрежелерди жакшы сакташат», — деди ал.

Замира Базарбаева маалымат берип жатат.

Базарбаеванын билдиргенин караганда, быйылкы жылы жашы угайган адамдардын арасынан коронавируска чалдыккандар каттала элек. Бирок ошого карабай аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Учурда айыл эли коронавируска каршы эмдөөдөн өтө элек. Эгерде дары келсе, окуучулар менен иш алып баргандар, дарыгерлерге жана айылдагы аялуу үй-бүлөлөр, кары-картаңдар биринчи кезекте эмдөөдөн өтөт. Себеби, алар ооруга учурап калса иммунитетине байланыштуу көтөрө албай калышы мүмкүн», — деп белгилейт Базарбаева.

Айлдык медициналык борбордогу айрым дары-дармектер.

Айылдын тургуну Сымбатбүбү Жусупова жашы улгайып калганына байланыштуу ден солугу үчүн кабатыр болуп, бардык эрежени сактоого аракет кылып жатканын белгилейт.

«Санитардык эрежелер тууралуу айта турган болсом, айыл ичинде ар кандай адамдар бар. Кээ бирөө түшүнүү менен кабыл алат, айрымдары түшүнбөйт. Айрымдары эрежелерди сактаса, айрымдары сактабайт. Жашы улгайып калгандар өзүбүздүн ден-соолугубузду ойлоп, эрежени так сактаганга аракет кылабыз», — деди айыл тугуну Жусупова.

Айыл тургуну Сымбатбүбү Жусупова маек учурунда.

Анын айтымына караганда, дарыгерлер ооруну алдын алуунун жолдорун түшүндүрүп жатат. Өздөрү дагы мектепке барган балдар-кыздарынына сарсанаа болуп, бардыгын түшүндүрүп берип жатат.

Өлкөдөгү коронавирус боюнча абал

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандар күн сайын катталып, каза болгондор да жок эмес. Бирок ошол эле учурда дарыланып жаткан адамдар да айыгып жатышат.

Айылдын медициналык борборундагы коронавирус учурунда колдонула турчу дарылар.

10-майга карата өлкө боюнча коронавирустун жаңы 379 учуру катталып, жети адам каза болду.
Ошондой эле, өткөн суткада 304 киши айыгып, алардын жалпы саны 92 120 киши болду. Ал эми өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 99 033 кишини түзүп, оорудан 1 677 адам оорудан көз жумду.

Гүлзар Казиева, Ислам Мамбетов