“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Вакцинанын сапатына ишенбейм». Үй-бүлөлүк дарыгер эмне дейт?

16 Май 2021 жыл 23:53
Көрүүлөрдүн саны: 151

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарынан COVID-19 оорусуна каршы эмдөө боюнча маалымат алып көрдүк. Тургундардын көпчүлүгү эмдөөгө каршы экенин билдирди. Бирок, айылдын үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Замира Базарбаева эмдөөнүн эч кандай коркунучу жок экенин билгилейт.

Учкун айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордогу дары-дармектер

Учурда өлкөнүн аймактарында эмдөө иштери толук баштала элек. Нарындын Учкун айылында да эмдөө иштери жүрө элек. Бирок айрым тургундар ооруга каршы ийне сайдырбай турганын билдирди. Алардын айтымында, ооруну санитардык эрежелерди сактап эле алдын алса болот.

Учкун айылынын тургуну Гүлүйла Абдылдаева маек куруп жатат.

«Мен эмдөөгө каршымын. Себеби азыркы заманда ишеним жок. Өзүм болсо ийне сайдарбайм. Вакцинасы жок эле, өздүк гигиенаны сактоо, маска тагынуу, колду самындап жуу, аралыкты сактоо жолу менен ооруну алдын алса болот», — деп билдирди айыл тургуну Гүлүйла Абдылдаева.

Ал эми мектеп окуучусу Канышай Турдалиева вакциналарга ишенбей жатканын белгилеп, Кыргызстанга алынып келинген вакциналарга ишенбей жатканын кошумчалады.

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин окуучусу Канышай Турдалиева.

«Мен вакцинацияга каршымын. Эмнегедир, алынып келген дарыларга ишенич жок. Оору абдан коркунучтуу, ийне сайдырбастан эле өзүбүз сактансак болот деп ойлойм», — деди ал.

Айылдык медициналык борбордогу дарылар.

Ал эми айрым жашоочулар эмдөөдөн өткөн адам коронавирус менен ооруса, илдет жеңил өтөт деген оюн билдирди. Алардын айтымында, COVID-19га каршы эмдөө, сасык-тумоого же башка ооруларга сайыла турчу милдеттүү эмдөөдөй эле болушу мүмкүн.

Үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси Замира Базарбаева вакцина тууралуу айтып берип жатат.

Учкун айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси Замира Базарбаева COVID-19га каршы вакцина коопсуз экенин айтып, оорудан 60-70 пайыз оорудан корогой турганын белгиледи.

«Кыргызстанга жалпы 150 миң доза вакцина келген, бирок өлкөдө вакцина жарандардын өз каалоосу боюнча сайылууда. Бул эмдөөнү алуу маанилүү, себеби оорудан 100 пайыз коргобосо дагы, 60-70 пайызга вирустан сактайт. Бул ийнени кош бойлуу аялдар, эски оорулары бар адамдар, кичинекей балдар албайт», — деди Базарбаева.

Анын айтымында, вакцина алыскы айыл жерлерине алынып келинбейт. Себеби, вакциналар атайын муздак жерде сакталышы керек. Ал эми региондордогу медициналык борборлорунда андай шарттар жок.

Айылдык медициналык борбордогу дарылар

Анын айтысында Учкун айылына коронавируска каршы эмдөө боло элек. Бирок, айылдын тургундарынын каалоосуна жараша жылда сайылчу гриппке каршы дары менен эмдөө жүргүзүлгөн.

Гүлзар Казиева, Ислам Мамбетов