“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Пандемия учурунда айылда ишкердик кылгандар көбөйдү

20 Май 2021 жыл 22:45
Көрүүлөрдүн саны: 103

Коронавирус илдети дүйнө боюнча экономикага жана ишкердикке кайсы бир денгээлде терс таасирин тийгизди. Бул абалдын Кыргызстандын тоолуу аймагы болгон Нарын облусунда кандай экенин билүү максатында жергиликтүү айрым ишкерлер жана айыл тургундары менен маек курдук. 

Пандемия учурунда Нарын районуна караштуу Учкун айылынында ишкердик кылгандар көбөйдү. Бул тууралуу айылдын тургундары жана айыл башчы Жумакадыр Исмаилов билдирди.

Учкун айылынын наабайчылык менен алектенген тургуну

Азамат Замирбек уулу айылда наабайчылык менен алектенип, бир нече айылды нан, чамасы, булочка өңдүү андан жасалган тамак-аш менен камсыз кылат.

Нан бышырып жаткан учуру

«Наабайчылык  менен алектенгенибизге быйыл төртүнчү жыл болду. Үй-бүлөмө жеткидей каражат табабыз. Магазиндерге таратылып, айылдарга дагы сатабыз. Тойдун убагында заказ беришет, күнүнө 100-150 нан өтөт. Бул ишти баштоо идеясы келинчегиме таандык. Башында духовка менен жазап сатчубуз, кийинчерээк тандыр салып ишкердикти чоңойттук. Бул иш менен үй-бүлө багуу максатында алектенебиз», — деп белгиледи айылдык ишкер.

Анын айтымында, коронавирус илдети ишкердикке бир аз терс таасирин тийгизген. Бирок аз убакыт өтпөй эле бардыгы өз жайына келген.

Ишкер нанды жаңы бышырып, сатыкка камдап жатат

Ал эми Учкун айылынын тургуну Мунарбек Макеналиев да наабайчынын кызматынан пайдаланат. Анын айтымында пандемия айрым ишкердиктин түрүнө таасирин тийгизген жок.

Даяр болгон нандар дүкөндөргө жана коңшу айылдарга жөнөтүлүп жатат.

«Ишкердиктин айылга таасири чоң, аябай жакшы жана ынгайлуу шарттарды түзөт. Набайкана тууралуу айтсам, биз тандыр нандарын алып турабыз. Сапаты жакшы, таза жана адал. Учкун айылыбызга гана эмес, Куланак ошондой эле башка коңшу айылдарга дагы көп өтөт. Менимче үйдөн иштеген ишкерлерге пандемия таасирин тийгизген жок. Мисалы тигүүчүлүк менен алектенгендер ишкердигин токтоткон жок», — деди Макеналиев.

Айыл тургуну Мунарбек Макеналиев.

Айылдык кеңештин депутаты Жээнкул Токсобаев айылда ишкердик менен жаңыдан алектенип баштагандан көбөйгөнүн белгиледи.

Учкун айылы

«Ишкердик менен айылдагы чоң көйгөйлөр чечилет, адамдардын аң сезими өсүп, ар бир адам заманга жараша өсүп өнүгүп жатат.  Айылда чач тарач, наабайчы же тигкүнчүлүк өңдүү ишкердик менен алектенгендер көбөйдү. Тургундардын арасында өз алдынча делк торт, ашлямфу, нан, булочка жана башкаларды жасап саткандар көбөйдү», — деп билдирди айылдын кеңештин депутаты.

Айылдык кеңештин депутаты Жээнкул Токсобаев маек куруп жатат

Токсобаев айылда чакан ишкерлердин көбөйгөнүн пандемия учурунда азык-түлүктөр кымбаттагандыктан, кошумча киреше табуу максаты менен байланыштырды.

Пандемияда кызматкерлерди кыскартууга туура келди
 

Гүлзар Казиева