“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Пандемияда аялдар айылдын социалдык жашоосуна активдүү катышты

29 Май 2021 жыл 17:47
Көрүүлөрдүн саны: 145

Коронавирус учурунда Нарын районуна караштуу Учкун айылынын айымдары аймактын социалдык жана коомдук жашоосуна активдүү катышты. Бул тууралуу «Аялдар кеңешинин» төрайымы Майрамкүл Мүдүнова жана Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.

Аялдар балдарын онлайн окуусун өз жоопкерчилигине алды

Коронавирус пандемиясынан улам окуучулар аралыктан билим алууга өткөн. Ошол учурда аялдар онлайн окуунун жол жоболорун өздөштүрүп, балдардын билим алуусуна көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу айылдын «Аялдар кеңешинин» төрайымы Майрамкүл Мүдүнова билдирди.

Учкун айылынын «Аялдар кеңешинин» төрайымы Майрамкүл Мүдүнова маек куруп жатат.

«Балдардын онлайн билим алуусу үчүн айымдардын орду өтө эле чоң болду. Өзгөчө башталгыч класстын окуучуларына окутуу усулдарын түшүндүрүп, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөштү. Чынын айтсам, балдар менен бирге окуган учурлар дагы болду», — деди ал.

Окуучулар онлайн билим берүү учурунда сабак окуп жатат.

Мүдүнованын айтымында, айыл жергесинде айымдардын түйшүгү көп болгондуктан, балдардын окуусу үчүн көңүл бура албай калган ата-энелер дагы болду. Бирок аялдар ошого карабай, балдардын окуусун өз жоопкерчилигине алышкан.

Онлайн окуунун жүрүшүнө көбүнчө энелердин таасири көп болгонун айыл жашоочулары да билдирди.

Учкун айылынын тургуну Гүлнара Саякбаева онлайн окутуудагы кыйынчылыктарга токтолду.

«Мурда окутуу салттуу түрдө болгондугуна байланыштуу карантинде онлайнга өткөндө балдар абдан эле кыйналды. Мисалы, менин беш неберем бар. Окуусу үчүн бардыгына телефон алып берүүгө туура келди. Онлайн окуу абдан эле кыйынчылык туудурду, балдар эле эмес ата-энелерге кыйын болду. Өзгөчө энелер балдарды көзөмөлдөп, окуусуна жардам берип жатты», — деп билдирди Гүлнара Саякбаева.

Окуучулар аралыктан окуп жаткан учуру.

Аялдар пандемия учурунда айылга гуманитардык жардам көрсөтүштү

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп, күнүмдүк керектөөчү товардын баасы өскөндө айылга Учкун айылында туулуп өскөн айымдар гуманитардык жардам көрсөтүштү. Алардын бири Жылдыз Разаева жүз миң сомдук азык-түлүктү колунда жокторго жардам катары жөнөткөн.

Айылга жардам катары келген дары-дармектер жана коргонуучу каражаттар.

«Жылдыз Учкун айылына жанын берчү кыз. Жүз миң сом өлчөмүндөгү каражатка күнүмдүк турмушка керектелүүчү май, кум шекер жана чай өңдүү продукту алып берген. Анын бардыгы колунда жокторго жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, тагыраагы 50 кишиге таратылды. Эң негизги максаты элим кыйналбасын, аз до болсо жардам болсун деген ниетте таратылды», — дейт Разаеванын курбусу Саадат Садыкова.

Айылга күнүмдүк керектелүүчү азыктар жана коргонуучу каражаттар жардам катары келген.

Келген азык-түлүктү жана тазалоочу каражаттарды Саадат Садыкова жана Жылдыз Разаеванын иниси болуп тизме менен таратышкан.

Ал эми оору күчөп турган мезгилде Учкун айылынын үй-бүлөлүк медициналык борборуна дары- дармектер жардам катары келген. Жардам көрсөткөндөрдүн арасында айымдар да бар. Бул тууралуу медициналык борбордун эмчи айымы Жаннат Сүйүналы кызы билдирди.

Жардам катары келген дары-дармактер

«Бизге дары- дармектер жана концентраторлор жардам катары көп эле келди. Жалпы эки жүз миң сомдон ашык каражатка дары-дармек жана коргонуучу каражаттар келди. Алардын ичинде айылыбыздан чыккан Айчүрөк Бекмурат кызы “Биз биргебиз” деген элдик штабдан он миң сомдон ашык каражатка дары-дармектерди жардам катары жиберди», — деп билдирди эмчи айым.

Аялдар жардамдарды таратууга жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө активдүү катышты

Аялдар айылдын тазалыгына да кайдыгер эмес.

Карантин күчөп турган учурда аялдар келген гуманитардык жардамдарды таратууга жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө активдүү катышты. Бул тууралуу Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов белгиледи.

Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов

«Азыркы учурда биздин айыл өкмөттө муниципалдык кызматта иштегендердин көпчүлүгү айымдар. Ошол эле медициналык борбордун кызматчыларынын бардыгы аялдар. Алар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, жада калса гуманитардык жардамды таратууга активдүү катышты. Мисалы, жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүү, алып кеткен адамдарды белгилөө. Ооруп калган учурда барып ийне сайып, коргонуучу каражаттарды таратышты», — дейт ал.

2021-жылы Учкун айылында коронавирус каттала элек
 

Гүлзар Казиева, Ислам Мамбетов, Гүлсүн Тынчтыкбек кызы