“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Фотобаян: Улан жайлоосундагы жашоо

15 Июнь 2021 жыл 10:38
Көрүүлөрдүн саны: 115

Жайлоо – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Учкун айылына тиешелүү Улан жайлоосу дагы ошондой сууга бай, көркөмү кооз жер. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоодогу табигый азыктар, таза аба,  адамдын ден соолугуна да оң таасирин тийгизет.

Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктикте орун алган, мисалы: Ак-Сай, Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр жана башка. Жайлоо ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыскы бийик тоолордогу жайыттар кирет. Бийик тоо арасы төр, ат жайлоо делет.

Бул фото баянда Учкун айылынын Улан жайлоосу жана андын жаратылышы, кооздугу жана жөнөкөй жашоо чагылдырылган.

Жашоочулар жайлоого мал бакканы гана эмес, эс алууга жана кымыз менен дарыланууга да чыгышат.

Жайлоодо гана өсүүчү өзгөчө өсүмдүктөр табиятты көрккө бөлөйт.

Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң жана башка ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кармалат.

Жайлоодогу жашоо ары түйшүктүү жана ары кызыктуу.

Бул жере жашоо атайын тигилген боз үйдө өтөт. Күн тийип турган кезде салкын болуп, муздакта шамалдан коргойт.

Ал жерге айылдан тоону көздөй кеткен жол менен унаа менен же ат менен жетүүгө болот.

Малчылар айылдан жайлоого көчкөндө атайын унаа менен көчүшөт. Бул түйшүктү азайтып, ал жерге жетүүдөгү убакытты үнөмдөйт.

Малчылар уй саап, айран уютуп, сүзмө жана курут жасашат. Кымыз болсо, жайлоонун символу.

Жайлоодо аба ырайы бат-баттан алмашып турат. Кээде ысык болсо, айрым учурда кар жаап салган кездер да кездешет.

Жайлоөдө бүтпөгөн, кеңири жашыл мейкиндиктер, андагы чыйыр жол өзгөчө ырахат тартуулайт.

Бурулча Сынжыбекова