“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Коронавирус балдардын аң-сезимин өзгөрттү

16 Июнь 2021 жыл 17:17
Көрүүлөрдүн саны: 93

Covid-19 илдети бардык мамлекеттерге, жалпы элдерге гана эмес балдарга, алардын аң сезимине дагы таасирин тийгизди. Пандемия учурунда балдардын окуусу кандай болгонун жана эс алуусу кандай өтүп жатканын «Учкун медианын» кабарчылары сурамжылоо аркылуу билип көрдү.

Коронавирус илдети балдардын аң-сезимине таасирин тийгизди. Себеби, бала бакча жашындагы балдар үйдө болгондуктан, коомчулук менен жана өзү теңдүү балдар менен аралаша алган жок. Алардын дүйнө таанымы тар чөйрө менен гана чектелди. Бул тууралуу «Раушан» балдар бакчасынын тарбиячысы Айнура Арунова билдирди.

Жаш өспүрүмдөр балдарды коргоо күнүндө

«2020-жылдын сентябрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин бала бакчалар аралыктан окушту. Ковид илдети катуу жүрүп жатканда балдар ата-эненин көзөмөлүндө, эч жакка чыкпай тарбияланышты. Аралыктан окутууда көп кыйынчыдыктар болду. Ошондой эле балдардын аң-сезимине таасирин тийгизди. Алар эч жакка чыкпастан үйдө отуруп, достору менен эшикке чыгып ойногон жок, ошол себептен таасир тийгизди деп эсептейм», — деп белгиледи ал.

«Раушан» балдар бакчасынын тарбиячысы Айнура Арунова иш учурунда балдарга сүрөт тартууну үйрөтүп жатат.

Арунованын айтымында, айылдын улуу курактагы адамдары коронавирус оорусу менен ооруса, жаш балдардын арасында андай учурлар катталган эмес. Бул маалыматты Учкун айылынын дарыгери Заримра Базарбаева да тастыктады.

Балдар биргеликте ойноп жатышат

«Азыркы учурда балдар эс алууда. Окуунун кадимки шартта болушу жана бала бакчанын иштей башташы жаш балдардын калыптануусуна өз таасирин тийгизет. Себеби өспүрүм үчүн кадимки турмушка кызыгуу, жаңы нерселерди байкап көрүү жана сезе билүү өтө маанилүү. Ошол жаңы тажрыйба менен алардын акыл-эси калыптанат», — деди Арунова.

Балдардын күлкүсү — өлкөнүн күзгүсү

Учкун айылынын социалдык адистери жана айыл өкмөтү тарабынан 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата, алардын маанайларын көтөрүү максатында уюшулган иш- чарада бал муздактар таратылган.

Учкун айылындагы өспүрүм курактагы балдар

«Жылда өткөрүлүп келген иш-чара быйыл дагы болду. Айыл өкмөттөн бөлүнгөн акчага бал муздак алынып, балдардын көңүлүн көтөрдүк. Эки жылдан бери Covid-19 илдети катуу жүргөндүктөн балдар эч жакка чыкпай мындай иш чара уюштурулган эмес эле. Быйыл айыл тынч болуп, оору катталбагынана байланыштуу иш-чара уюштурдук. Аныны негизги максаты балдардын көңүлдөрүн көтөрүү болуп эсептелет. Балдарга чың ден-соолук жана бактылуу балалык каалайм», — деди социалдык адис Анара Токтобаева.

Учкун айылынын социалдык адис Анара Токтобаева маек учурунда

Пандемия учурунда балдардын эс алуусу

Быйылкы жылы көпчүлүк балдардын эс алуусу айылда өтүп жатат. Себеби ата-энелери алардын коопсуздугун ойлогондуктан алып жакка жиберген эмес. Бул тууралуу Учкун айылынын тургуну Бурулбүбү Сартбаева билдирди.

Учкун айылынын тургуну Бурулбүбү Сартбаева өзүнүн неберелери менен

«Эс алууда балдарды жылда эки жакка чыгарып турчубуз, пандемия башталгандан бери эч жакка чыгарган жокпуз. Бирок айылда абал туруктуу болгондуктан балдар эшикке чыгып ойноп атышат. Таптакыр үйгө кармап жатып алсак да болбой калат. Алар дагы өзү теңдүү балдар менен ойношу керек да. Өспүрүм жашындагыларга ашыкча тыюу сала берүү деле туура эмес», — деген оюн билдирди ал.

1-июнга карата айыл өкмөтү тарабынан бекер бал муздак таратуу иш чарасында

Сартбаева айыл өкмөтүнүн балдар үчүн өткөрүп жаткан иш чараларын жакшы деп баалады. Себеби, аларга жалгыз гана ата-энелери эмес, коомчулук да көңүл бурушу керек деп эсептейт ал.

«Балдар бидин келечек деп айтып келебиз. Ошол нерсени сөз менен эмес, иш менен далилдөө керек. Балага ата-энеси гана эмес жалпы коомчулук маани бериши керек. Ошондо гана биз келечегибиздин татыктуу болушунан үмүт кыла алабыз», — деп белгиледи Сатрбаева.

Гүлзар Казиева