“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

COVID-19: Айыл тургундары маалыматты соц тармактардан алышат

26 Июнь 2021 жыл 0:23
Көрүүлөрдүн саны: 98

Нарын районунун Учкун айылында жашоочулар коронавируска каршы вакцинация тууралуу маалыматтарды социалдык тармактардан алышат. Бул тууралуу айыл жашоочулары маектешүү учурунда билдирди.

Айыл тургуну Толкун Жаныбек кызынын айтымында, ал коронавируска каршы эмдөө албайт. Себеби ал вакцинанын сапатына ишенбейт. Ал вакцина чет мамлекеттен келгендиктен, курамы кандай экени белгисиз дейт.

Антисептикалык коргонуучу каражаттар

 

«Мен эмдөө албайм. Себеби, коронавируска каршы вакцина тууралуу жакшы сөз уга элекмин. Кичине шек жаратат. Биз бул тууралуу маалыматты интернеттен, телевизордон угуп жатабыз. Мен көбүнчө интернеттен тараган маалыматтарга ишенем. Ошол себептен ийне сайдырбайм», — деди ал.

Айыл тургуну Толкун Жаныбек кызы медиа сабатуулук жөнүндө маек куруп жатат

Жаныбек кызы жергиликтүү дарыгерлер сунуштаган алдын алуу жана вирустан коргонуу аракеттерин аткарып эле коронавирустан сактанса болот деп ишенет.

«Бизге айыл өкмөт жана айылдык дарыгерлер вирустан кантип коргонуу керектигин түшүндүрушкөн. Маска тагынып, антисептик колдонуп жатабыз. Ушундай жол менен эле алдын алса болот деп ишенем», — деген оюн билдирди ал.

Учкун айылындагы мед борбордогу дары дармектер

Айылдын дагы бир тургуну Сымбат Жусупова коронавирус тууралуу маалыматтарды интернет булактарынан көп окуганын билдирди. Бирок ал бардык маалыматка ишене бербейт, ошол себептен вакцина жана вирус тууралуу мамлкеттик телеканалдардан тастыкталган маалыматты гана алууга аракет кылат.

Айыл тургуну Сымбат Жусупова коронавирус тууралуу соц тармактардагы маалымат тууралуу айтып берүүдө

«Учурда интернетте түрдүү маалыматтар тарап жатат. Өзгөчө вакцина тууралуу ар түрдүү окуялар, учурлар катталган маалыматтар көп. Алардын баарына ишене берүүгө болбойт деп ойлойм. Акыркы учурда интернеттен ал тууралуу маалыматтарды окубаганга аракет кылам», — деди айыл тугуну.

Жусупованын айтымында коронавирус жана вакцина жөнүндөгү соц тармактагы тастыкталбаган маалыматтар адамга вируска караганда көбүрөөк зыян алып келет. Себеби адам терс маалыматты алуу менен психикалык жактан жабыркайт.

Учкун айылы жана айылдын жашоочулары

Учкун айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси Замира Базарбаева COVID-19га каршы вакцина коопсуз экенин айтып, оорудан 60-70 пайыз оорудан корогой турганын белгиледи.

«Кыргызстанга жалпы 150 миң доза вакцина келген, бирок өлкөдө вакцина жарандардын өз каалоосу боюнча сайылууда. Бул эмдөөнү алуу маанилүү, себеби оорудан 100 пайыз коргобосо дагы, 60-70 пайызга вирустан сактайт. Бул ийнени кош бойлуу аялдар, эски оорулары бар адамдар, кичинекей балдар албайт», — деди Базарбаева.

Учкун айылынын үй-бүлөлүк медицина борборунун жеткечиси Замира Базарбаева маалымат берип жатат.

Учурда Учкун айылы боюнча жалпы 45 адам коронавируска каршы вакцина алган. Эмдөө калк менен эң көп иш алып барган жумушчуларга, медиктерге жана мугалимдерге сайылды. Бул тууралуу үй-бүлөлүк медициналык борбордун кызматкери Айзада Сулпуева билдирди.

Учкун айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун кызматкери Айзада Сулпуева маалымат берип жатат.

«Коронавируска каршы 50 доза кытайдын Sinopharm вакцинасы келген. Жалпы 45 адам ийне сайдырды. Вакцина адамдар менен эң көп иш алып барган жумушчуларга, медиктерге жана мугалимдерге сайылды. Учурда экинчи дозасын сайдырып жаткандары да бар. Башында вакцина тууралуу туура эмес ойдо болушкан. Кийин түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», — деди ал.

Сулпуеванын айтымында, учурда эмдөө алгысы келип кайрылган адамдар бар.

Жаңы-Жер айыл эли вакцина тууралуу кандай ойдо?
Ислам Мамбетов