Нарын районундагы Учкун айылында коронавирус оорусу менен катталган адамдар жок. Ал эми жашы улгайып калган же өнөкөт оорусу бар адамдар учурда дарыланып жатышат. Бул тууралуу Учкун айылынын үй-бүлөлүк мед борбордун кызматкери Айзада Сулпуева билдирди.
Сулпуеванын айтымында, өткөн жылы Учкун айылында коронавирустун белгилери байкалып, Нарын шаарына анализ тапшырып, дарыланып келген адамдар болгон. Учурда алардын абалы жакшы.
«Азыркы учурда COVID-19 менен ооруган адамдар жок. Бирок өткөн жылы Нарын облусу боюнча биринчилерден болуп биздин айылдын тургундарынан оорунун белгилери байкалып, дарыланып чыккандар болгон. Азыркы учурда алардын абалдары жакшы. Ошол учурда айыл эли санитардык эрежелерди катуу сактап, вирустун жугуусун алдын алган», — деди ал.
Сулпуеванын айтымында, айылындын медициналык борборуна аба алмашкандыгына байланыштуу сасык тумоо менен ооругандар жана мурдатан бери эле өнөкөт оорусу бар адамдар кайрылышат. Бирок алардан коронавирустун белгилери байкалган эмес.
«Учурда биздин борборго мурдагыдай эле өнөкөт оорусу бар адамдар көп кайрылат. Биз болсо алардын ооруларын жакшы билебиз. Кайрылгандардын арасында тамагы ооруп, сасык тумоо болгондору да жок эмес. Алар вирус жуктуруп албадыкпы деп сарсанаа болушат. Бирок аларда коронавирустун белгилери байкалбайт деле. Болушунча дары жазып берип, түшүндүрүү ишин жүргүзөбүз», — деди ал.
Айылдын үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыканасында иштеген Басира Кулумбаева дарыканда жетиштүү деңгээлде дары бар экенин билдирди. Анын айтымында, дарыканада сасык тумоого каршы жана оору басуучу дарыларга суроо талап көп.
«Мен дарыканада иштейм. Күн сайын тургундар ар түрдүү дарыларды алып кетип турушат. Негизи сасык тумоого жана оору басуучу дарыларга суроо талап көп. Учурда коронавируска каршы же өзгөчө күчтүү дарыларды сурап кайрылгандар боло элек. Ал эми учурунда ооруп айыккандардын абалы бүгүнкү күнү жакшы», — деди Басира Кулунбаева.
Ал айыл тургундарын вакцина алууга чакырып кетти. Себеби ал вакцина алган. Анын айтымында, вирус жуккан учурда вакцина алган кишиде оору жеңил өтөт.
«Мен өзүм коронавируска каршы эмдөөдөн өттүм. Башкаларды да эмдөөдөн өтүүгө чакырам. Эмдөө тууралуу маалыматты үй-бүлөлүк дарыгерлер маалымат жөнөтүшкөндө барып алгам. Дүйнөдө оору жүрүп жатат, вакцина да жөн жерден чыгарылган жок да. Вакцинанын эң негизги максаты ооруну алдын алуу», — деген оюн билдирди Кулумбаева.
COVID-19: Айыл тургундары маалыматты соц тармактардан алышат
Гүлзар Казиева