“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкунда окуучулар арасында дебат өткөрүлдү

8 Ноябрь 2021 жыл 18:13
Көрүүлөрдүн саны: 205

Нарын районунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Маалымат каражаттары жана блогерлер» темасында дебат оюну болуп өттү. Дебатка 14 жаштан 17 жашка чейинки окуучулардан түзүлгөн сегиз топ катышты.

Дебат оюну өтүп жаткан учур.

Дебат оюну Борбордук Азиядагы IDEA уюму, «Медиа Сабак» фонду жана Учкун жааматык мультимедиа борбору тарабынан уюштурулду. Оюнга Эшбай Токсобаев атындагы мектептин мугалимдери калыстык кылды.

Оюнга Эшбай Токсобаев мектебинин мугалимдери калыстык кылды.

«Бул дебаттын уюштуруунун максаты жаштардын дебатка болгон кызыгуусун жана өзүнө болгон ишенимди арттыруу. ЖМКлар жана блогерлер тууралуу маалымат берүү. Дебат “Британдык парламент” форматында өткөрүлдү. Жалпы сегиз команда, эки сот катышты», — деп белгилейт оюндун уюштуруучуларынын бири Ислам Мамбетов.

Анын айтымында, оюнга катышкан ар бир команда күчтүү жана активдүү болду. Бирок оюнга балдар аз санда катышкан.

Жеңүүчү команданын мүчөсү Гүлзар Казиева маек куруп жатат.

Оюнда VIP командасы жеңүүчү болду. Команданын биринчи спикери Гүлзар Казиева дебат кызыктуу жана пайдалуу болгонун билдирди.

«Дебат өтө сонун болду деп эсептейм. Чынында жеңебиз деген ой болгон эмес, бирок жакшы жыйынтык көрсөтүп жеңдик. Оюн өтө деле оор болгон жок, буга чейин көптөгөн дебаттарга катышып жүрөм. Ушундай оюндардын көп-көп өткөрүлүп турушун каалайм», — деп билдирди ал.

9-класстын окуучусу Асема Токтоналиева.

9-класстын окуучусу Асема Токтоналиева биринчи жолу дебатка катышып жатканын жана оюндан көптөгөн пайдалуу сапаттарга ээ болгонун белгиледи.

«Бул дебаттан мен мыкты спикер боломун деп эч ойлогон эмесмин. Бул наамды алганда толкунданып, эмне деп айтарымды билбей калдым. Дебаттан мен өзүмө жаңы маалыматтарды алдым жана калыстар орундарды туура, так берди деп ишенем», — деп билдирди Токтоналиева.

Таажыгүл Абдыгазиева маек куруп жатат.

Ал эми оюнга калыстык кылган Таажыгүл Абдыгазиева оюнга катышкан окуучулар эле эмес, мугалимдер да көп маалымат алганын билдирди.

«Оюн абдан кызыктуу болду. Дебаттан мен өзүмө дагы жаңы маалымат топтой алдым, мындай иш-чаралар жаш муундарга пайдасы чоң деп ишенем. Сот болуу абдан кыйын экен. Айрыкча оорун ыйгарууда анткени баарынын позициясы күчтүү жана активдүү», — дейди ал.

Абдыгазиева оюн жаштардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп эсептейт. Анткени катышуучулар өз оюн эркин билдирип, бардык нерсеге сын көз караш менен караганды үйрөнүшөт.