“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Полковник да китеп жазат». Талантбек Мүдүнов айылына арнап китеп чыгарды

14 Ноябрь 2021 жыл 22:32
Көрүүлөрдүн саны: 76

Нарын районуна караштуу Учкун айылында милициянын, ички жана финансы полиция кызматынын полковниги Талантбек Мүдүновдун «Турмуштагы туура жол» китебинин бет ачары болду. Иш чара Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүндө өткөрүлдү.

Китептин бет ачарына автор, анын жакын санаалаштары, айыл тургундары жана мектеп окуучулары катышты. Иш-чаранын эң негизги максаты айыл тургундары менен баарлашуу, жаштарга үлгү болуп, турмуштук тарбия берүү болду.

Талантбек Мүдүнов 1957-жылы Учкун айылында төрөлгөн. 40 жылдан ашык Укук коргоо органдары менен Куралдуу күчтөрдүн дээрлик бардыгында үзүрлүү эмгектенип, үч кызматтын полковниги болгон. Ал китепти айыл элине жана жаштарга үлгү болсун деп жазганын билдирди.

«Мен жашоо-турмушумдун туу чокусуна ушул “кутман курак жашка” келгенде жетип, аны ашып бара жатканда колума калем алып, ушул автобиографиялык баяндамамды жазууга бел байладым. Китебимди кандай атасам болот деп көпкө чейин ойлонуп жүрүп, “Турмуштагы туура жол” деп атоону чечтим. Ушул китепти жаратуу тууралуу ой келгенде, окурмандарымдын, замандаштарымдын басып өткөн турмуш жолун эстеп, алардын жашоо-турмушуна оң таасирин тийгизип калаар деген тилекти көздөдүм», — дейт Мүдүнов.

Иш чарада автор Талантбек Мүдүнов тургундарга китепти кантип жазганы тууралуу айтып, андагы айрым жайдайларды түшүндүрүп, чечмелеп берди.

«Китеп автобиографиялык өңүттө жазылгандыктан, андагы камтылган окуялар дээрлиги менин башыман өткөндөрү же өзүм күбө болгон учурлар. Китепте жалган маалыматтар же апыртылган окуялар камтылбайт, анткени, ага бала кезимден алган таалим-тарбия, ички аң-сезимим менен абийирим жол бербестигин белгилеп кетейин», — деди китептин автору.

Ошондой эле, Талантбек Мүдүновдун замандаштары дагы өз пикирин билдирип, куттуктоо сөздөрүн арнашты.

«Китеп жазуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Буга өзгөчө шык, жөндөм талап кылынат. Көркөм чыгарма жазуу талантты талап кылса, эли-жери, туулуп-өскөн айылы тууралуу жазуу андан да жоопкерчиликтүү. Ар бир факты так жана ишенимдүү болушу керек. Чакан аңгемеде Талант Учкундун энциклопедиясын жазып койгон экен. Ошого ыраазы болдум», — деп билгилейт замандашы Ысмайыл Кадыров.

Ал эми иш чарада классташтары да сөз сүйлөп, өз белектерин тапшырды. Алардын айтымында, Талантбек Мүдүнов мектепте окуп жүргөндө эле китеп жазуу шыгы бар болчу.

«Талант менен бирге окуп, мектептеги эстрадалык топто ырдап калдык. Ошол кезде эле чыгармачылыкка жакын эле. Жигиттер кыздарга кат жазарда эле, Талантка барышчу. Сөз байлыгы кенен, куюлуштуруп жазар эле. Ал эми мектепте болсо окуучулардын алдынкысы болчу», — дейт Тамара Кемелова.

Иш чара концерттик программа менен коштолуп, мектеп окуучулары «Турмуштагы туура жол» китебиндеги ырларды көркөм окуп, айыл тургундары музыкалык чыгармаларды аткарышты.

Концерттик программа Талантбек Мүдүновдун калемине таандык «Учкунум» аталышындагы ыр менен башталды. Ага обон жараткан Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин мугалими Жумабек Мүдүнов бул ыр мындан ары айылдын гимни болуп каларын белгиледи.

 

Гүлзар Казиева