“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

COVID-19 пандемиясы көп балалуу үй-бүлөлөргө кандай таасирин тийгизди?

27 Ноябрь 2021 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны: 116

Коронавирус пандемиясы өлкөнүн абалына, экономикага жана аймактардын жашоо турмушуна олуттуу таасирин тийгизди. Айрыкча, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оор болду. Бул тууралуу Учкун айылынын социалдык педагогу Гүлзат Кадыркулова билдирди.

Гүлзат Кадыркулова Учкун айылында социалдык мугалим болуп эмгектенет. Анын беш баласы бар — үч эркек, эки кыз. Көп балалуу үй-бүлө катары ал өз башынан өткөргөндөрдү айтып берди.

Ал пандемия башталганда мектеп жашындагылар аралыктан окуп, билим алууга таасирин тийгизди. Андан соң азык-түлүк кымбаттап көп балалуу үй-бүлөлөргө оор болгонун белгилейт.

«Пандемия учурунда көптөгөн кыйынчылыктар болду. Мисалы, коомчулукка аралашпай, туугандар менен көрүшпөй психикалык жактан таасир этти. Балдарыбыздын аралыктан окуганы дагы бизге кыйын болду. Кээде балдарыбыз эшикке чыгып ойногусу келип, достору менен жолуккусу келген учурларда болду», — деди ал.

Кадыркулова балдарына колунан келген шарт түзүп бергенин белгиледи. Окуучу бөлмө, керектүү китептер менен камсыздап, компьютер, телефон алып бергенин кошумчалады.

Бирок көп балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында балдарына техникалык жабдыктарды ала албаган, азык-түлүктүн айынан кыйналгандары болгон.

Кыргызстандагы эң жаш баатыр эне Нурзия Чегирткеева пандемия анын үй-бүлөсүнө материалдык жактан таасир эткенин билдирди.

«Пандемия бизге аябай эле таасир этти. Материалдык жактан муктаж болдук. Өзгөчө балдардын билим алуусу үчүн шарт түзгөнгө каражат жеткен жок. Балдарга смартфондорду сатып бере алган жокпуз», — деди ал.

Социалдык педагог жергиликтүү бийлик көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өзгөчө санитардык коргонуучу материалдарды бекер тараткан.

 

Акмарал Жаңыбаева, Алмаз Касымакун уулу, Ислам Мамбетов