“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Көчмө добуш берүүгө Бельгия менен Россиядан келген байкоочулар катышты

27 Ноябрь 2021 жыл 19:47
Көрүүлөрдүн саны: 64

Нарын районуна карашатуу Учкун айылында участкадан тышкары добуш берүү өттү. Ага комиссия мүчөлөрү жана эл аралык байкоочулар катышты.

Учкун айылынын участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова участкадан тышкары добуш берүүгө жети адамдан арыз түшкөнүн билдирди. Алардын алтоо добуш берди.

«Көчмө добуш берүү мыйзамга ылайык өткөрүлдү. Участкага келе албаган шайлоочулардын үйүнө барып, добуш берүүнүн купуялуулугу сакталгандай көчмө добуш берүүнү уюштурдук. Ага катышкан көз карандысыз байкоочулар дагы оң баасын берди», — деп билдирди №4052 шайлоо участкасынын төрайымы.

№4052 шайлоо участкасынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова.

Мүдүнованын айтымында, көчмө добуш берүүгө катышкан эл аралык байкоочулардын бирөө Бельгиядан, экинчиси Россиядан келген.

Көчмө добуш берүү

Ал эми 27-ноябрда өлкө боюнча 26 181 адам участкадан тышкары добуш берүүгө арыз берген. Көчмө добуш берүү шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу участкага келе албаган шайлоочулар үчүн уюштулат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан туруп, епутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

 

Гүлзар Казиева