“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Жаңы багыт». Пандемия жана аймактагы китеп окуу маданияты

27 Ноябрь 2021 жыл 16:29
Көрүүлөрдүн саны: 110

Кыргызстандагы «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бакай Акылбеков коронавирус пандемиясы китеп окуу маданиятына эки багыттта таасир эткенин билдирди — анын пайдалуу дагы, зыяндуу дагы жагы болду.

Акылбековдун айтымында, пандемия учурунда аймактарда, өзгөчө айыл жеринде китеп көп окулду. Мунун себебин ал жаштардын кызыгуусу жана убакыттын көп болгону менен түшүндүрдү.

«Пандемияда элдин баары үйдө отуруп калып, үйүндөгү бардык нерсени карап, толуктап чыгышты. Ошонун ичинде китеп да бар. Бош убакыт көп болуп, жаштар, өзгөчө айыл жеринде китеп көп окулду. Ойлонгонго, максаттарды жаңылап алганга шарт түзүлдү. Чыгармачыл адамдарга жакшы болду. Жаңы багыттар ачылды», — деп билдирди ал.

Бакай Акылбеков

Ошондой эле, Акылбеков китеп окуу маданиятына пандемиянын тийгизген терс таасирине да токтолду. Анын айтымында, мындай шартта китеп басып чыгаруу, сатуу тармагы начарлады.

«Адам өзү кыймылдап турганы жакшы болот экен. Китеп окууга багытталган интеллектуалдык оюндар, долбоорлор массалык иш-чараларга тыюу салынганы үчүн токтоп калды. Жаңы китептер айланбай, китеп басып чыгаруу, сатуу тармагы артка кетти. Анын негизинде бир нече китеп дүкөнү жабылды. Экономика начарлагандай эле, китеп жааты дагы алсырай түштү», — деди ал.

«Бир адамдан бир китеп» долбоору менен ачылган Учкундагы китепкана.

Бакай Акылбеков пандемияда адамдардын ортосундагы байланыштын үзүлүшү менен илим-билим жана китеп окуу маданияты артка кеткенин кошумчалады.

Ал эми Учкун айылынын окуучусу Эдил Дайракунов пандемиядан соң окуучулардын көз карашы өзгөргөнүн белгиледи. Айрым окуучулар китеп окууга кызыгып жатса, айрымдары телефонго берилип кеткенин билдирди.

Учкун айылынын окуучусу Эдил Дайракунов.

«Дээринде бар адам өзү эле китеп окуйт, ал эми дээринде жок адам өлсө дагы окубайт деп ойлойм. Оору кучөп турганда көп китептерди окудум. Мисалы: «Кыямат», «Саманчынын жолу», «Манас», «Семетей» эпостору», — деп билдирет Эдил Дайракунов.

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков.

Ал эми Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков окуучулар акырындап китеп окууга кызыгып келе жатканын билдири.

«Окуучулар акырындап китеп окууга кызыгып келе жатышат. Көбүнчө чоңураак кластын окуучулары кызыгышат. Пандемия убагында окугандар да болду, окубагандар да болду. Аябай көп окуду деп айта албайм. Азыркы учурда окуучуларды китепке кызыгуусун артыруу максатында ар кандай иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

 

Асема Токтаналиева, Жолдошбек Шалообек уулу, Ислам Мамбетов.