“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Онлайн ыр кесе». Пандемия мезгилинде иш-чара уюштурган айыл тургундары

29 Ноябрь 2021 жыл 14:49
Көрүүлөрдүн саны: 80

Дүйнөлүк экономикага, билим берүүгө таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясы Учкун айылынын маданий жашоосуна терс таасирин тийгизди. Бирок ага карабай айыл тургундары вотсап аркылуу ыр кесе уюштурушту. Бул тууралуу Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүнүн жетекчиси Мээрим Кожомкулова билдирди.

Пандемияга чейинки маданият иш-чаралары.

Пандемия мезгилинде Учкун айылында маданий иш-чаралар дээрлик өткөрүлгөн жок. Кожомкулованын айтымында, илдет башталган мезгилде тургундар сыртка чыкпай, бири-бири менен аралашпай, айылдагы маданият алсырай түштү.

Маданият үйүнүн жетекчиси Мээрим Кожомкулова.

«Айылда маданият тургундардын пикир алышуусу, сүйлөшүп бири-биринен жаңы нерселерди үйрөнүүсү менен өнүгөт. Жумушка баш оту менен киришкен айыл тургундарына маданият иш-чараларды уюштуруу абдан маанилүү, алар аз да болсо эс алып, чогулуп чер жазып алышат эле. Бирок оору башталганда андай болгон жок, пандемия маданиятты алсыратты десек болот», — деп билдирди ал.

Карантиндик режим бүткөндөн кийин уюштурулган иш-чара.

Кожомкулова пандемия мезгилинде бир дагы маданий иш-чара уюштурулбаганын белгиледи.

«Оору башталганга чейин айылга артүрдүү маданий иш-чараларды өткөрчүбүз. Карылар күнү же Жеңиш майрамы болгондо ардагерлерди чакырып, сый тамагыбызды берип, концерттик программа кылып көңүлдөрүн көтөрөт элек. Ал эми пандемия шартында ал нерселердин бирин дагы өткөрө алган жокпуз», — деди ал.

Кожомкулова маданият үйүнүн кызматкерлери онлайн иштеп, соцтармактар аркылуу видео материалдарды жасап, айыл тургундары арасында жарыштарды уюштурганын кошумчалады.

«Мисалы онлайн ыр кеселерди уюштурдук. Айылыбыздын вотсап группасы бар, ошол жерден айыл тургундары ырдап аудио кетирип жатышты. Мындан тышкары, онлайн форматта акындар арасында ыр жазуу конкурсу уюштурулду. Ар бир кылган иш чарабызды Нарын маданият борборуна отчет кылып кетирип турдук», — деди Кожомкулова.

 

Ислам Мамбетов