“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Азык-түлүктүн кымбат болушу айыл тургундарын кыйнады

29 Ноябрь 2021 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны: 82

Пандемияда өлкөдө бир топ азык-түлүктүн баасы өстү. Анын негизинде айыл тургундарынын жашоосунда кыйынчылык жаралды. Бул тууралуу Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.

Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов

«Пандемияда өлкөдөгүдөй эле биздин айылда дага азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Айыл тургундарына өзгөчө аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө оор болду. Тургундардын жана жана жаш балдардын жашоосуна бир аз кыйынчылык жаралды. Бирок олуттуу кырдаалга деле кептелген жокпуз», — дейт айыл башчы.

Исмаиловдун айтымында, айыл тургундары туш болгон көйгөйдү өздөрү чечип жатты. Алыскы жерде иштеген айылдаштар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам иретинде бекер азыктарды таратышкан.

«Элдин көйгөйүн эл эле чечип атат. Бул жолу деле ошондой болду. Башка жерде иштеген байке-эжелерибиз көмөк көрсөттү, айыл тургундары деле бири бирине кам көрүп жатты. Андан тышкары айыл өкмөтү тарабынан дагы азык-түлүктөр жана санитардык коргонуу каражаттары бекер таратылды», — дейт Исмаилов.

Ал эми Учкун айылындагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген Жаркын Кулмамбетова пандемияда сатуучулук менен алек болуу кыйын экенин билдирди. Анын айтымында, сатуучулар эч кандай пайда көрүшкөн эмес.

Жаркын Кулманбетова

«Пандемия убагында таварларды саткан кыйын болду. Чынын айтканда күнүмдүк жашоодо колдонуп жаткан товарлар кымбат баада сатып жаттык мисалы: ун, чай, зыгыр май ж.б. Товарлар кымбаттагандыгы чынында кыйын экен, биз деле товарды кандай баада алсак ошондой эле баада сатып жаттык, пандемия убагы болгондугуна байланыштуу көп адамдар соода кылган жок. Кылгандары деле пайда көргөн жок», — деди ал.

Кулмамбетова сатуучулардын көпчулүгу пенсия курагындагы адамдар экенин белгиледи. Ал кары адамдар үчүн пенсиядан башка мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилбегенин кошумчалады.

 

Ислам Мамбетов