“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Шайлоо-2021: Жаңы шайлоо системасы тургундар үчүн бир аз татаал болду

29 Ноябрь 2021 жыл 4:15
Көрүүлөрдүн саны: 80

Региондордогу парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу билүү максатында Нарын районундагы №4052 — Учкун шайлоо участогунун төрайымы Майрамкүл Мүдүнова менен маек курдук. Төрайым бизге бул шайлоонун кандай өткөнү тууралуу айтып берди.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү.

Кыргызстандын аймагында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова Учкун айылында шайлоо орто деңгээлде өткөнүн билдирди.

Шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова.

«Шайлоону өтүшүн жалпысынын орто деп бааласа болот. Бул ирет шайлоо жаңы система менен өткөндүктөн, тургундарга бир аз түшүнүксүз болду. Бирок бардыгына түшүндүрүп берип, ошол эле учурда добуш берүүнүн купуялуулугун бузбаганга аракет кылып жаттык. Тургундардын шайлоо укугун болушунча камсыз кылдык», — деди төрайым.

Учкун-4052 шайлоо участкасынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова.

Учкун айылында 1700дөн ашык шайлоочу катталган. Алардын 700дөн ашыгы шайлоого келди.

«Шайлоо комиссиясынын ар бир мүчөсү окутуудан өткөрүлгөн. Ар бири шайлоонун жүрүшү тууралуу кабардар. Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте, эртең менен чучу кулак өткөрүп, АСУларды байкоочуларга текшертип, белгиленген убакыттан кечикпей участканы ачып алдык. Добуш берүүнүн жүрүшүнө партиянын дагы көз карандысыз байкоочулар көз салды», — деп белгилейт Мүдүнова.

Идентификациялык жабдыктын операторлору.

28-ноябрда шайлоочулар өлкөдө 2 435 участкада парламенттик шайлоого добуш берди. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Добуш бергени жаткан милиция кызматкери.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өттү. Анын негизинде 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Ислам Мамбетов, Гүлзар Казиева