“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Элдин үнү: Пандемияда айыл тургундары эмне менен алек болду?

29 Ноябрь 2021 жыл 3:46
Көрүүлөрдүн саны: 77

Коронавирус пандемиясы өлкөнүн абалына, экономикасы жана билим-берүү тармагына таасирин тийгизди. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус пандемия планетадагы миллиондогон адамдардын аң-сезимине тескери таасир тийгизгенин айткан.

«Учкун Медианын» кабарчысы Учкун айылынын тургундары менен окуучулары коронавирус пандемиясында киргизилген карантинде эмне менен алек болгону жана кандай таасир тийгизгени тууралуу сурамжылоо жүргүздү.

Васира Кулумбаева, дарыкананын кызматкери:

«Пандемиянын кандай болгону өзгөчө дарыгерлер менен дарыкана кызматкерлеринин эсинде көпкө калды окшойт. Себеби, айылда ооругандар катталды деп айтып чыгышканда, айыл тургундарынын баары хлор, дары алганы дарыканага келип атышты. Албетте, санитардык эрежелерди сактап атышты, бирок сатуучу болгон үчүн көп адам келгенине чочуркайт экенсиң. Айылга бекер дары-дармек же санитардык материалдарды таратууда да айыл өкмөтүнө жардамдашып аттык».

Курмамбек Калыков, айыл тургуну:

«Менин оюмча айылда шаарга салыштырмалуу карантин олуттуу болгон жок окшойт. Бир жарым эки айдай карантин катуу режимде кармалды, бирок андан кийин кадимкидей эле жашоо болду. Ошол учурларда үйүбүздү оңдоп түзөөдөн өткөрүп, короо-жайыбызды тургузуп алдык. Бир топ эле иштерди бүтүрдүк окшойт. Үч жылда кыла турчу ишибиз карантин учурунда бүттү».

Жазгүл Райымбек кызы, жаш келин:

«Жолдошум, балдарым менен үйдө эле болдук. Үй оокаттары көп болгондуктан, ошолор менен алек болуп, балдарымды бактым. Бир учурда айылга карантиндик режим киргизип, эч ким сыртка чыкпай калган. Ошол учурда бир аз кыйын болду, эл менен аралашпай оор болот экен. Себеби, айыл жериндегилер бири-бирибиз менен карым-катнашта болуп көнүп калган экенбиз. Экинчи жагынан алып карганда, балдарды туура тарбиялоо бонча маалыматтарды алып, аларга болгон мамилени өзгөртүүгө аракет кылдым».

Жолдошбек Шайлообек уулу, мектеп окуучусу:

«Пандемияда үйдө болдум. Ар кандай кызыктуу китептерди окудум. Онлайн окуган жаккан жок, эч нерсени түшүнгөн жокмун. Пандемия психикалык жактан олуттуу таасирин тийгизди. Балдар көчөгө чыгып, башка адамдар менен аралашып, пикир алмашканы жакшы деп ойлойм».

Асема Токтоналиева, мектеп окуучусу:

«Мен пандемия убагында эки-жакка чыга алган жокмун. Анткени, оору жүрүп жаткан учурда адамдардын бардыгын эч жакка чыгарышкан жок. Ошол убакыттан пайдаланып мен сабактар тууралуу ойлонуп, тапшырмаларды аткарып жүрдүм. Айылга үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары келди.

 

Ислам Мамбетов