“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Окуучу: Айылда муз аянтчасын ачуу убакытты кызыктуу өткөрүүгө жол ачат

27 Январь 2022 жыл 18:16
Көрүүлөрдүн саны: 99

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылдагыдай эле муз аянтчасы иштеп жатат. Ал жерге окуучулар, жаш үй-бүлөлөр келип муз тебишет. Айылындагы муз аянтчасы коньки жана чана тебүүгө ылайыкталган.

Муз аянтчасына келген окуучулар.

Муз аянтчасына келген Акмарал Жаңыбаева аянтча жашоочулар үчүн кышында убактысын кызыктуу өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

«Чынында муз аянтчасынын ачылышы аябай жакшы болду. Себеби, балдардын хоббиси жана спорко катышуусуна чоң таасирин тийгизди. Баасы аябай үнөмдүү, чынында көп каражат кетпейт. Тейлөөсү абдан жакшы жана коопсуздук эрежелери сакталган», — деди ал.

Акмарал Жаңыбаева суроолорго жооп берип жатат.

Жаңыбаева бирок муз аянтчасында конькинин саны аз болгондуктан, кезек күтүп каларын айтат. Ал айыл жаштарына бардык шарты менен аянты чоң дагы бир муз аянтча ачылса деп каалайт.

«Муз аянтча бар болгон үчүн кубанабыз. Себеби, биз өз убакытыбызды пайдалуу нерсеге коротобуз.Чынында мындай аянтчалар көп болсо жакшы болмок, айылда жалгыз болгондуктан кезек күтүп калабыз», — дейт ал.

Намыс Ишенов суроолорго жооп берип жатат.

Ал эми аянтчаны иштетип жаткан Намыс Ишеновдун айтымында, мындай аянтчаны ачуу оор жумуш. Себеби, ага эмгек жана көп ресурс кетет.

«Бул аянтчаны Мирбек Карабалаев байкебиз ачкан. Азыркы тапта мен иштетем. Аянчада коопсуздук эрежелери сакталган. Күнүнө 300,500 сом табам», — дейт Ишенов.

 

Ислам Мамбетов