Кыш мезгили дегенде эле кар, муз жана аяз эсибизге келет. Бирок климаттын өзгөргөнүнөн улам өлкөнүн бир топ жерине кардын аз жаап, кыштын жылуу өтүп жатканын байкалууда. Бул фотобаянда Нарын районунун Учкун айылындагы кыш керемети чагылдырылды.
Сүрөттөр айылдын батыш тарабында жайгашкан Бөйрөк-Булак деген таза суу жылжылдап аккан булактан тартылды. Ал жерди ортосунан сай агып өткөндүктөн, кышында сайдын жээгине муз тоңуп, укмуштуудай көрүнөт.
Тоо башынан келген мөңгү сууларына булактын мөлтүр кашка суулары кошулуп, ал сай Нарын дарыясына куят.
Эгерде сиздин айылдын дагы кооз жерлери болсо сүрөткө тартып жөнөтүңүз. Биз Нарын облусундагы көпчүлүк айылдардагы кыш мезгилин, тургундардын жашоо образын жана өзгөчө жерлерди чагылдырууну көздөйбүз.
Эгерде сиздин айылдын кыш мезгилинде тартылган сүрөтү болсо, 0709 12 23 64 номерине Вотсап же Телеграмдан жөнөтсөңүз болот.
Бурулча Сынжыбекова