“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында мектеп парламенти өз алдынча уюм катары иш алып барат

31 Январь 2022 жыл 20:20
Көрүүлөрдүн саны: 74

Нарын облусунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин мектеп парламенти өзүн-өзү башкаруу уюму наамына ээ болду. Мындан ары парламенттин өзүнүн мөөрү болот жана ар түрдүү бей өкмөт уюмдар менен расмий түрдө кызматташа алат.

Мектеп парламенти уюм катары каттоодон өттү

Мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков уюм жаштардын өзүн-өзүн өнүктүрүүгө жана коомдогу ордун табууга жардам берерин белгилейт.

«Бул уюмда мектеп парламенти иш алып барат. Негизги максаты мектептеги саламаттыкты сактоо, билим берүүнү жакшыртуу. Маданий, спорттук иш чараларды уюштуруу, жаштарга өзүн-өзү өнүктүрүүгө жол ачуу болуп эсептелет. Уюмдун жардамы менен бир катар иштерди уюштурдук, дагы да уюштурабыз», — деди ал.

Мектеп президенти жана директор менен аялдар кеңешинин төрайымы

Мектеп парламентин уюм катары каттоо жана мөөр алууга ата-энелер менен мугалимдер көмөк көрсөткөн.

«Рахат Бозгунчиева кабинеттин ичин жасашса, аялдар кеңешинин төрайымы Майрамкүл Мүдүнова уюмдун туусун, ал эми Чолпон Дүйшөкеева стол жабдууларын сатып берди», — деп билдирди Асанбеков.

Мектеп парламентинин туусу. Нурсултан Асанбеков

Мектеп директору Назира Касымбекова мындай өзүн-өзү башкаруу уюмдары региондордогу мектептерди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берерин айтат.

«Биз мектебибизди ар тараптан өнүктүрө алабыз. Мисалы, ар кандай бейөкмөт уюмдар менен иштешүүгө шарт түзүлдү. Мектепте парламентинин орду чоң. Жаштардын жөндөмдөрүн өстүрүүгө салым кошот деп ишенем», — дейт мектеп директору.

Мектеп директору Назира Касымбекова.

Ал эми мектеп парламентинин мүчөсү Жанара Бекболотова уюм катары катталган соң алар райондук керек болсо облустук денгээлдеги иш чараларды уюштурууга бел байлап жатышкандарын билдирди.

Мектеп парламентинин мүчөсү Жанара Бекболотова

«Бизге ар тараптуу иш алып барганга бир катар шарттар түзүлдү. Мектепте спорттук, маданий, билим берүү жана саламаттык сактоого багытталган иштер өттү. Эми райондук жана облустук иш чараларды өткөрөбүз», — дейт жаш депутат кыз.

 

Ислам Мамбетов