“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Пикир алышууну үйрөнөт». Учкунда «Балдардын сынагына сынбайсынбы» иш чарасы өттү

14 Февраль 2022 жыл 18:33
Көрүүлөрдүн саны: 66

Нарын районуна караштуу Учкун айылында мектеп окуучуларына арналган «Балдардын сынагына сынбайсынбы» аталышындагы интеллектуалдык иш чара өттү.

Иш-чараны мектеп парламенти уюштурду. Ага жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

«Балдардын сынагына сынбайсынбы» иш чарасы.

Бул ирет иш-чарага мектепте 30 жылдан бери иштеп келе жаткан Анара Мамырканова окуучулардын суроосуна жооп берип, балдардын сынынан өттү.

«Бул иш-чарага конок катары чакырганына кубанычтамын. Мени чакырат деп ойлогон эмесмин. Жогорку деңгээлде өттү. Окуучулардын берген суроолору оор болду, көбүнчө суроолор менин жаш кезимди эстетти», — дейт ал.

Балдардын сынынан өткөн — Анара Мамырканова

Мамырканова ага баарынан «Атаңызга жакынсызбы же апаңызгабы?» деген суроосу жакканын белгиледи. Ал окуучулардан башкача суроолорду күткөнүн айтты.

Мектеп директору Назира Касымбекова.

Ал эми мектеп директору Назира Касымбекова окуучуларга пикир алышуу мүмкүнчүлүгүн берген иш-чараларды өткөрүү манилүү деп эсептейт. Себеби, суроо бергенди билген бала көп нерсени үйрөнүп, дүйнө таанымы да кең болот.

«Кечээ аябай кызуу талкуу менен өттү. Белектер менен коштолду. Окуучулардын активдүү катышканына рахмат. Балдар адам менен тил табышканды билсе, суроо берсе алардын калыптануусу, дүйнө таанымы жакшы болот», — деген пикирин билдирди ал.

Иш чаранын катышуучулары.

Иш-чарага катышкан окуучу «Балардын сынагына сынбайсыңбы» жакшы деңгээлде өткөнүн билдирди. Бирок кийинки иш чарага айылдын жөнөкөй тургундарын жана мектептин техникалык кызматкерлерин чакырса жакшы болот деген оюн билдирди.

«Биз көптөгөн суроолорду бере алдык. Анара эже өзүнүн окуяларын айтканда башкача сезимдер болду. Бирок кийинки иш чарада мугалим эмес, техникалык кызматкер же жергиликтүү депутат келсе жакшы болмок», — деди Бермет Бекжанова.

Ислам Мамбетов