“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Мектеп окуучулары өз алдынча китеп окуу сынагын уюштурууда

16 Февраль 2022 жыл 18:10
Көрүүлөрдүн саны: 74

Нарын районуна караштуу Учкун айылында мектеп окуучулары демөөрчүлөрдү таап, китеп окуу сынагы өткөрүштү. Ага 25 окуучу катышып, жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланды.

Китеп окуу сынагы.

Китеп окуу сынагынын уюштурууга бир айдан ашык убакыт сарпталган. Анын негизинде окуучулар «Вавилондогу эң бай адам» китебин окуп чыгып, берилген суроолорго жооп беришти.

Китеп окуу сынагына коюлган сыйлыктар.

Уюштуруучулардын айтымында, конкурстун максаты жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын өз оюн кенен түшүндүрүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.

«Биз китептерди конкурска катышкан балдарга 250 сомдон саттык. Ошол эле чогулган акчага белектерди алып, демөөрчүлөрдү дагы таптык. Балдарга көрүнүктүү белектерди коюп, китеп окуу боюнча сынактарды уюрсак, окуучулардын кызыгуусу артат», — деп белгиледи сынакты уюштурган Бексултан Бекжанов.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу учуру

Китеп окуу сынагында берилген суроолорго толук жооп берген үч окуучу жеңүүчү деп табылды:

  • Биринчи орун алган Жайнагүл Жоодонбек кызы телефон менен сыйланды;
  • Экинчи орун алган Айжамал Келдибекова акылдуу кол саатка ээ болду;
  • Үчүнчү орунга татыган Айдар Тынчтыкбек уулу «AirPods» наушнигин утуп алды.

Сынакты көргөнү келген окуучулар.

Сынакка калыстык кылган мугалим Жазира Өмүралиева сынак мыкты деңгээлде болгонун билдирди.

«Балдардын катышканы мени кубантты. Уюштуруучу окуучуларга рахмат. Себеби жаштарды китеп окууга чакырып, башкаларды да кызыктырат», — деп билдирди Өмүралиева.

Сынактын уюштуруучулары.

Ал эми женүүчү Жайнагүл Жооданбек кызы сынактын суроолору оор болгонун белгиледи. Анын айтымында, бардык катышуучулар жакшы даярданып келген.

«Бардыгынан дагы суроо жооп берүү оор болду. Бирок бул иш-чарага катышканда байгеге ээ болом деп ойлогон эмесмин. Өзүмдү сынайын дегем. Китепти кызыгуу менен окуп чыктым», — деди ал.

Автору: Ислам Мамбетов