“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Нарындык окуучу кыз «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусунун» бири болду

17 Февраль 2022 жыл 19:05
Көрүүлөрдүн саны: 87

«Дордой» ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу» кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталды.

Назира Жолдошбек кызына сыйлык тапшыруу учуру.

Сынактын жыйынтыгы менен Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 10-классынын окуучусу Наргиза Жолдобек кызы мыкты окуучунун бири болуп табылды.

Жолдошбек кызы 3-даражадагы диплом менен сыйланып, «Кыргызстандын мыкты окуучусу» төш белгиси менен сыйланды.

Наргиза Жолдошбек кызы.

Мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков окуучу кыз өзүнүн эмгеги жана талыкпастыгы менен ийгиликке жеткенин белгиледи.

«Билим алуу ийне менен кудук казгандай. Бирок анын ысыгы менен суугуна чыдап, күн-түн дебей китепти колунан түшүрбөй окуп, изденгендерге ийгилик жылмайаары чексиз. Дал ушундай талыкпаган мээнети аркылуу жакшы жетишкендиктерге жетишкен Наргиза мектебибиздин мыкты окуучусу эле эмес Кыргызстандын мыкты окуучусу болду», — деп белгиледи ал.

Конкурста ийгиликке жетишкен Жолдошбек кызына сыйлык тапшыруу үчүн мектеп парламенти атайын чогулуш өткөрүштү.

Автору: Асема Токтоналиева