“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Нарын районундагы мультимедиа борборлордун «Медиа Курултайы» өттү

20 Февраль 2022 жыл 16:01
Көрүүлөрдүн саны: 105

Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимедиа борборунун онго чукул ыктыярчы-кабарчысы Куланак районунуда уюштурулган тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышып келди. «Медиа Курултай» аталышындагы иш чараны «Учкун», «Куланак» жана «Усупбекстан» мультимедиалык борбору биргелешип уюштурду.

«Медиа Курултай» тажрыйба алмашуу иш-чарасы

Иш чарага жалпы 30га чукул киши катышты — Учкун айылынан 10 киши, Куланактан жана Оттук айылынан 10 адам. Анда окуучуларга «Текст жазуу жана үн чеберчилиги», «Маалыматтык сабаттуулук, санариптик коопсуздук» жана «Макалада гендердик теманы чыгылдыру» боюнча тренингдер өтүлдү.

«Учкун Медианын» ыктыярчыдары жана информатика мугалими.

«Медиа Курултайга» катышкан Нурай Ырысбекова иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди. Ал журналистика багытында көп нерсе үйрөнгөнүн белгиледи.

«Көптөгөн жаңы маалыматтарды ала алдык. Медиаларды өнүктүрүү үчүн чоң кадам деп эсептейм. Себеби биз, кабарчылар маалыматты сапаттуу жеткиргенди билсек, көтөрүлүп жаткан тема жана көйгөй коомчулуктун көңүлүн бура алат. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

«Учкун Медианын» ыктыярчылары

Ал эми иш чаранын дагы бир катышуучусу Алтынай Калыбек кызы кабарчынын орду коомдо чоң экенин белгиледи. Ал бир нече медиа менен тажрыйба алмашуу ар бир медианын ишине салым кошот деп эсептейт.

«Медиа Курултайдын» тренери. «Учкун Медианын» кабарчысы

«Учкун» медианын кабарчысы Айжан Жумагулова дагы курултай аймактагы медиалардын башын кошконун белгиледи.

«Тренингди өткөргөн тренер, уюштуруучулар абдан мыкты болду. Ар бир тренердин методу ар кандай, чынында бизге керектүү темаларды үйрөтүштү. Аайрыкча мага фейк маалымат, кибер коопсуздук темалары аябай жакты. Бул башка медиалар менен иштешүүгө чоң шарт түздү», — деп билдирди Жумагулова.

Курултайга окуучуларды алып келген мугалимдер жана уюштуруучулар.

Уюштуучулар мындан ары «Медиа Курултайды» башка айылдарда да өткөрүүнү көздөп жатышканан кошумчалашты.

Ислам Мамбетов