“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Аял да жумуш орун түзө алат!» Учкун айылында тигүүчү цех ачылды

28 Февраль 2022 жыл 17:55
Көрүүлөрдүн саны: 179

Нарын районундагы Учкун айылында элдерди жумуш менен камсыз кылуу максатында тигүүчү цех ачылды. Аны айыл тургуну Карлыгач Асанова негиздеген.

Алдыда отурган — Карлыгач Асанова. Ошондой эле тигүүчү цехтин кызматкерлери.

Тигүүчү цехте 15тей адам иштейт. «Учкун Медианын» кабарчылары цехтин ээси Карлыгач Асанова менен маек курду. Ал тигүүчү техте иш кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

«Тигүүчү болуп иштегениме 10 жылдай болуп калды. Ал эми тигүүчү цехти пандемия учурунда бош турган үйдү арендага алып иштете баштадык. Биринчи иштегенде көп эле кыйнчылыктар болду. Азыркы учурда 15тей киши жумуш менен камсыз болду. Дагы деле иштейм дегендер болсо, ала беребиз. Аял деле жумушчу орун түзө алат деп айтат элем», — деп билдирди ал.

Жаңы ачылган тигүүчү цех.

Асанова кийим тигүүгө шаардан буйрутма келерин белгилеп, ал эми айылда тигилген кийим-кечелер көбүнчө чет мамлекетке жөнөтүлөрүн билдирди.

«Айлыкты 10 күндө бир алабыз. Айлык иштегенибизге, кройдун келгенине жараша болот. Бирок алган акчабыз шүгүр, өзүбүзгө жетет. Андай каражат айыл жеринде жакшы эле акча. Бизде куртка тигилип жатат жайы, кышы дебей куртка тигилет. Жумуш дайыма болуп турат», — деди ал.

Нургүл Байгазиева тигүүчү цехте иштейт.

Ал эми тигүүчү жайда иштеген Нургүл Байгазиева бул иш өзүнө жагарын жана пайда алып келип жатканын айтты.

«Тапкан кирешем өзүмө жетет. Аайылда бекер отуруп карыз болгуча, биз үчүн эң жакшы эле жумуш. Бул иш менин өзүмө жагат. “Иштесен тиштейсин” дегендей эле иштеп турган эле жакшы ден соолугуң болсо. Аял кишиге жумуштун болгону жакшы. Тапкан кирешебизди кем-карчыбызга жумшайбыз», — деди ал.

Байгазиеванын айтымында буйрутмаларды тиккенден ташыкары, өздөрү кийген күнумдүк кийимдерди өздөрү тигип аларын билдирди.

Асема Токтоналиева