“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын «Дил Баян» тобу облустук «Манас таануу» сынагына жолдомо алды

10 Март 2022 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны: 70

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин «Дил Баян» тобу «Манас таануу» теле таймашынын райондук баскычында биринчи орунду багынтты.

Таймашка «Дил баян» тобун мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлмира Жумагулова даярдады. Эми окуучулар облустук таймашка катышат.

Мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков Жумагулова даярдан келген окуучулар аталган таймашта жыл сайын алдыңкы орундарда чыгып келгенин билдири.

«Гулмира Жумагулова эжекебиз даярдап келген баяндарды улай быйылкы “Дил баян” тайпасы “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын райондук турунан өтүп, облустук турга жолдомо алды. Кийинки баскычтарына ийгилик каалайбыз», — деди ал.

Сынак билим берүү жана илим министрлиги, Коомдук телерадио берүү корпарациясы жана «Саякбай манасчы» коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштурулду.

«Манас таануу» таймашы жыл сайын райондук, облусттук жана республикалык баскычта өткөрүлөт. Нарын районунун окуучулары жыл сайын аталган конкурска катышып, байгелүү орундарга ээ болуп кайтышкан.

Учкундук Гүлмира Жумагуованын түзгөн тайпалардын аталыштары бири-бирине окшоп кетет. Буга чейин ал «Улуу Баян», «Гүл Баян», «Нур Баян», «Шер Баян», «Зор Баян», «Күн Баян» деген тайпалар менен сынакка катышкан.

2017-жылы Учкун айылынын «Нур Баян» деген тайпа даярдап Республикалык денгээлде баш байгеге ээ болсо, башка командалары жыл сайын биринчи жана экинчи орундарды багындырган.

Ал эми өткөн жылы «Манас таануу» интеллектуалдык сынагынын Нарын райондук баскычы Учкун айылында өткөрүлгөн.

Ислам Мамбетов