“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Жаштар коомчулукка өз көйгөйүн айта албайт»

10 Март 2022 жыл 18:18
Көрүүлөрдүн саны: 216

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын жаштары өз көйгөйлөрүн коомчулукка айта албайт. «Учкун Медианын» кабарчылары Борбордук Азиядагы IDEA уюму менин биргеликте уюштурган сурамжылоонун негизинде ушундай жыйынтыкка келди.

Сурамжылоо Учкун айыл аймагынын Учкун жана Куланак айылдарында жүргүзүлдү. Ага 16 жаштан 28 жашка чейинки жүздөн ашык жаштар катышты.

«Өз оюмду коомчулукка айтуудан корком»

Учкун айылындагы мектепте окуган 16 жаштагы Эдил Дайракунов өз оюн коомчулукка айтуудан тартынарын жана коркорун билдирди. Ал чоңдор жаштардын жана окуучулардын пикирин укпайт деген пикирде.

«Көпчүлүк жаштар өз оюн коомчулукка айта бербейт. Айрымдары айткан күндө деле, окуучу жаштардын оюн көп уга беришпейт. Мен чынында өз оюмду коомчулукка айтуудан корком. Себеби, азыркы убакытта “Сен али кичинекейсиң” деп коюушат. Улуу муун кичүү муундун оюн укса жакшы болмок», — дейт ал.

Сурамжылоого катышкандардын 46,2%ы «жаштар пикирин билдирүүдө тартынышат, уялат же коркушат» деп билдирген. Ал эми 30,1%ы «жаштардын баарлашуу мүмкүнчүлүгү жок» деп эсептейт.

Учкун айылынын активисти Мирбек Карабалаев жаштардын арасында коомдук угууларга катышып, чогулуштарда өзүнүн пикирин айткандар дагы бар экенин белгиледи. Анын айтымында, көпчүлүк жаштар аймактагы көйгөйлөдү чечүүгө кызыктар.

«Айылда жаштардын чогулушу болуп турат. Анда жаштар менен аймактагы көйгөйлөрдү талкуулайбыз. Мисалы айылга ишембилик өткөрүп, таштандыны тазалайбыз. Жаштар өз-ара эле сүйлөшүшөт, коомдук угууларга же чогулуштарга баргандан көрө, өзүбүз көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз», — дейт ал.

Сурамжылоого катышкан жаштардын 44%ы айылдагы көйгөйлөрдү чечүүнү каалай турганын билдирген. Ал эми 16,8%ы айылдагы көйгөйдү чечкиңиз келеби деген суроого «жок» деп жооп берген.

Карабалаев Учкун айыл өкмөтүндө жаштар өзүнүн көйгөйүн улуу муундан тартынганы же корккону үчүн айтпайт деген пикирде. Бирок активисттер жартар менен тыгыз иш алып барууга аракет кылып жатканын белгиледи. Андай кылууга жаштар дагы кызыктар дейт ал.

Сурамжылоонун негизинде ага катышкан жаштардын 27,3%ы айылдагы көйгөйлөрдү башка жаштар менен биригип чечкиси келерин айткан. Ал эми 24,6%ы көйгөйлөрдү билим алган соң, айылга кайтып келип чечерин айткан. Ал эми жаштардын 21,1%ы көйгөйдү «Айыл өкмөтү менен биригип чечсе болот» белгилеген.

Ал эми Учкун айылындагы мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген Нурсултан Асанбеков жаштар эмне себептен көйгөйүн айта албаганын адамдар менен пикир алышуу жөндөмүнүн жоктугу менен түшүндүрдү.

«Чынында жаштар жөндөмү жок болгон үчүн өз оюн айталбайт деп ойлойм.
Бул нерсени жоюу максатында биз коомдук иштерге катыштырууга аракет жасайбыз. Ал эми мектепте иш чараларды уюштуруп, конокторду чакырып турабыз. Ар түрдүү окууларды уюштурабыз», — дейт Асанбеков.

Көйгөйдү кантип чечсе болот?

Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун өкүлү жана Бишкектеги Америка бурчунун башкы координатору Аида Тынычбекова жаштардын өз оюн айта албай жатканына жаштар эле эмес, бүтүндөй система жана коомчулук күнөөлүү деп эсептейт. Ал качан гана билим берүү сиситемасы жакшырып, окуучуларга өз пикирин эркин айта алгандай шарт түзүп берүү менен гана көйгөйдү чечүүгө болот деп эсептейт.

«Критикалык ой жүгүртүү деген нерсе жок. Азыркы жаштар суроо бергенди билбейт да — “Маселе эмне үчүн болуп жатат?” дешпейт. Эгерде критикалык ой жүгүртүүнү оңдосок, билим берүү сиситемасы өзгөрсө биздин жаштардын ата-энеси менен мамилеси жакшы болуп, коом менен мамиле кылганды үйрөнөт. Мамлекет дагы жаштарга көбүрөөк көңүл бурганда гана жеңе алабыз», — дейт ал.

Аида Тынычбекова

Тынычбекова бир аймактан чыкпаган айрым жаштар аймактагы шарттарга көнүп, көйгөйдү көнүмүш нерсе катары кабыл ала баштайт деп белгилейт. Анын пикиринде, качан гана жаштары башка жердегилер менен мамиле курганда гана көйгөйдү көрүп, аны чечүүгө аракет кыла баштайт.

«Адам өзү жашаган жерде көйгөй бар экенин сезбейт, анткени ошол нерсеге көнүп калган. Мисалы, эгерде айылда суу жок болсо, анда “ушундай эле жашоо болот экен да” деп эле жашай берет.Жаштар өз жөндөмдөрүн өнүктүрсө, өзүнүн оюн айта баштайт. Ошондо гана сүйлөп, ата-энеси жана коомчулук менен байланышта боло алат», — деп билдирди ал.

Кыргызстанда жаштар менен иш алып барган борборлору бар — бирок андай борборлор көпчүлүк аймактарда жок. Мисалы, пандемия күчөп турган чакта Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана БУУнун Тынчтыкты Куруу Фонду тарабынан каржыланган «Жаратман Жаштар» долбоорунун колдоосу менен борбор ачылган.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, аталган борбор жаштар үчүн коопсуз мейкиндик түзүп берген жана алардын убактысын көңүлдүү жана интерактивдүү өткөрүүгө жол ачкан. Ал жердин эң негизги өзгөчөлүгү — квалификациялуу психологдун колдоосу болгон.

Маалыматта борборго келген жаштар өз көйгөйү менен бөлүшүп, пикирин билдирүүнү үйрөнгөнү жана ата-энеси менен болгон көйгөйүн чечкен учурлар болгону да айтылат.

Ислам Мамбетов

Макала Жамааттык ЖМКлар бирлиги уюштурган «Чечимдер журналистикасы» боюнча өткөрүлгөн тренингдин алкагында жазылды.