“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Элди коомдук турмушка катыштыруунун жолу». Аймакта Нооруз майрамы белгиленди

21 Март 2022 жыл 15:34
Көрүүлөрдүн саны: 84

21-март Нооруз майрамына карата Нарын районунун Учкун айылында эстафеталык иш-чара өткөрүлдү. Анда айыл тургундары өнөрлөрүн көрсөтүп, айылдын маданият үйүндө майрамдык маанай жаратышат.

Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чара.

Быйыл майрамдык концертти айылдын «Раушан» балдар бакчасынын жамааты уюштурду. Эстафета «Келме кезек, терме тезек» деген чакырык менен белгилүү комузчу Мукул Абылов көчөсүнө өткөрүлдү.

Таалай Мамырбаева бала бакчанын жамааты менен.

Бала бакчанын жетекчиси Таалай Мамырбаева иш-чараны өткөүү үчүн бүтүндөй жамаат менен узак убакытка даярданганын белгиледи.

«Атайын Нооруз майрамына жетишип калалы деп, иш-чараны жаз айына туштап даярдадык. Бизге айылдык мектептин жамааты өткөрүп берген эле. Кончертти жакшы денгээлде даярдадык деген ишеничтемин. Ырдадык, бийледик, тарбияланып жаткан бөбөктөрдү да катыштырдык. Көрүүчүлөр жылуу кабыл алды», — деди ал.

Катышуучулар иш-чарага даярдык көрүп жатат.

Ал эми майрамдык концетртти көргөнү келген Токтайым Алмазбек кызы айыл жеринде иш-чараларды уюштуруу элдин ынтымагын бекемдеп, тургундарды айылдын жашоосуна активдүү катышууга түрткү болот деген пикирде.

«Тарбиячылар менен кичинекей балдар-кыздар мындай соонун иш-чара өткөрөт деп ойлогон эмесмин, абдан кызыктуу болду деп айта алам. Мындай иш чараларды өткорүү менен айыл тургундарын жергиликтүү социалдык жана саясий иштерге аралаштыра алабыз», — деди ал.

Алмазбек кызы жыл сайын Ноорузга карат өткөрүлгөн иш-чара кызыктуу прогорамма жана өзгөчө нерселер менен коштолорун белгилеп, кийинки жылы мындан да жакшы денгээлде өтөрүнө ишенерин кошумчалады.

Ислам Мамбетов