“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Үй-бүлөлүк дарыгер: Коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина алуу маанилүү

21 Март 2022 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны: 70

Нарын районуна караштуу Учкун айылында коронавирустун жаңы штаммы омикромго каршы эмдөө иштери уланып жатат. Айылдын үй-бүлөлүк дарыгери Замира Базарбаева азырынча айылда омикрон штаммы каттала элегин билдирди.

Үй-бүлөлүк дарыгер Замира Базарбаева.

Дарыгер Замира Базарбаева айыл жергесинде вакцина алуу керек деген түшүнүк жай тарап жатканын белгилеп, учурда Учкун айылында жашаган элдин 50%ы эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

«Омикрон вирусу каронавирустун бир түрү, Африкадан чыккан эле, тез убакыттын ичинде Кыргызстанга да келген. Жаңы штаммга каршы вакцина алыш керек, себеби оору жукса, оңой өтүп кетет. Ооруну алдын алуу шарттары мурдагыдай эле: колдуу самындап жуу, антисептик, хлор колдонуу, аралыкты сактоо», — деди башкы дарыгер.

Эмдөө учуру. Иллюстративдик сүрөт.

2022-жылдын январынан бери коронавируска каршы айылда вакцина алгандардын саны:

  • Биринчи дозасы — 21 киши;
  • Экинчи дозасы — 32 адам;
  • Үчүнчү дозасы — 96 киши;

Меткептин директрунун тарбиялык иштер боюнча орун басары.

Эмдөөдөн өткөн тургундардын көпчүлүгу мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштегендер. Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директорунун орун барасы Нурсултан Асанбеков кызматкерлердин көпчүлүгү эмдөөдөн өткөнүн белгиледи.

«Коронавирус азыркы учурда каттала элек. Учурда баардык мугалимдер жана тех кызматкерлер эмдөөдөн өттү жана вакцинаны ө каалоосу менен сайдырышты. Омикром штабына каршы мектепте тушундуруу иштери жүргүзүлдү», — деди Нурсултан Асанбеков.

Учкун айылына келген медициналык каражаттар.

Ал эми англис тили муалими Наргиза Рахматова коронавирус оорусу күнүмдүк нерседей сезилдген күндө деле мектепте дагы, айылда дагы тазалыкты сактап, эрежелерди аткарып жатканын айтты.

«Мен вируска каршы эмдөөдөн өттүм . Азыркы учурга чейин вирус менен же сасык тумоо болуп ооруган жокмун. Медицина кызматкерлеринен түшүндүрүү иштерин баймабай жүргүзүшөт. Мектепте кандай чаралар колдонулуп жатса уйдо да ошол эрежелерди сактаганга аракет жасайм», — деди ал.

 

Жанара Бекболотова, Алтынай Калыбек кызыИслам Мамбетов